Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-сентябры № 1
“Миң-Булак айылына кичи футбол аянтчасын куруу жөнүндө”
Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын жыйырма сегизинчи сессиясы, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Ормотоевдин үлүштүк түрткү берүүчү гранттын эсебинен, айылга кичи футбол аянтчасын куруу боюнча демилгесин угуп, карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылга кичи футбол аянтчасын куруу максаттуу жана керектүү деп табылсын.
2. Кичи футбол аянтчасы куруу долбоорунун сметасынын жалпы суммасы 3 477 600 (үч миллион төрт жүз жетимиш жети миң алты жүз) сомду түзгөндүгү белгиленсин.
3. Долбоорду ишке ашыруудагы өздүк салымдын 521 640 (беш жүз жыйырма бир миң алты жүз кырк) сомду накталай акча түрүндө айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын бюджетине киргизилип, которулуп берилсин.
4. Токтомду аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Ормотоевге жүктөлсүн.
Миң-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Койчубаев |