Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-сентябры № 5
Мектептин кышка карата даярдыгы жөнүндө
Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын жыйырма сегизинчи сессиясы, мектептин кышка карата даярдыгы жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мектептин кышка карата даярдыгы канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Мектептин жылытуу системасына кошумча электр энергиясынын лимитин суроо жагы мектеп директору Н.Адылбековага ошондой эле айыл өкмөт башчысы Ж.Ормотоевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура-курулуш, транспорт жана экология, агрардык жана жер маселелер боюнча жана административдик-укуктук маселелер боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Миң-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Койчубаев |