МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Булак айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын VII сессиясы
2013-жылдын 3-апрели № 1
Жазгы айдап себүү жөнүндө
Депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын жетинчи сессиясы, жазгы айдап себүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жазгы жер айдоонун баасы төмөндөгүдөй белгиленсин:
- каз таман трактору менен үлүш жерлерди айдоо гектарына акысы 1200 сомдон, соляркасы 30 литрден;
-дөңгөлөктүү трактору менен үлүш жерлерди айдоо гектарына акысы 1000 сомдон, соляркасы 25 литрден;
-огороддорду айдоо айдоо акысы аянтына жараша, соляркасы 5-10 литрге чейин.
2. Айылдын аймагындагы социалдык жактан муктаж үй-бүлөлөрдүн тизмеси такталып, ар бир трактор ээсине бирден үй-бүлөгө жардам берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык комиссиясына жүктөлсүн
Миң-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Койчубаев |