Редакцияот 03.04.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Миң-Булак айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын VII сессиясы

 

2013-жылдын 3-апрели № 5

Айыл өкмөттөрүн ирилештирүү жөнүндө

Депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын жетинчи сессиясы, айыл өкмөттөрүн ирилештирүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Айыл өкмөттөрүн ирилештирүү боюнча каршы пикирлер жаралгандыгы белгиленсин.

2.Айтылган пикирди Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Акматовага жүктөлсүн.

 

Миң-Булак айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Т. Койчубаев