Редакцияот 01.08.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Миң-Булак айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын X сессиясы

 

2013-жылдын 1-августу № 2

Миң-Булак айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн

башкаруу аппаратынын штаттык бирдиктерин бекитүү жөнүндө

 

Депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын онунчу сессиясы, жогорудагы айтылган Миң-Булак айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратынын штаттык бирдиктерин бекитүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” №403-токтому жетекчиликке алуу менен айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратынын штаттык бирдиктери 11 (он бир) бирдикте бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы С.Токторалиевага жүктөлсүн.

 

Миң-Булак айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Т. Койчубаев