Редакцияот 11.10.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Миң-Булак айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XI сессиясы

 

2013-жылдын 11-октябры № 3

Дан эгиндерин жыйноо жөнүндө

Депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын он биринчи сессиясы, жогорудагы айтылган дан эгиндерин жыйноо жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Дан эгиндерин жыйноо иши канааттандырарлык деп белгиленсин.

2. Мындан ары дан эгиндерин жыйноо мезгилине чейин комбайндардын ремонтуна, ишке даярдыгына катуу көзөмөл жүргүзүлсүн.

-биринчи кезекте айыл калкынын эгиндерин жыйноого көңүл бурулсун жана бул тууралу комбайн ээлерине эскертилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча жана административдик-укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссияна жүктөлсүн.

 

Миң-Булак айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Т. Койчубаев