Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 20-декабры № 1
ИСКАКБ нын жетекчиси Т.Сатыбалдиевдин иши жөнүндө
Депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын он үчүнчү сессиясы, жогорудагы айтылган ИСКАКБ нын жетекчиси Т.Сатыбалдиевдин ишин карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ИСКАКБ нын жетекчиси Т.Сатыбалдиевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. ИСКАКБ нын жетекчиси Т.Сатыбалдиевдин иши канааттандырарлык деп белгиленсин.
3. ИСКАКБнын 1 жылдык бюджети 335700 сом деп бекитилсин.
4. Ичүүчү суунун баасы төмөндөгүдөй бекитилсин.
-таза суу системасынан пайдаланган бир жанга ай сайын 10 (он) сомдон;
-үйүнө таза суу системасынан суу киргизип алгандарга 1 жанга ай сайын
13 (он үч) сомдон;
-үйүнө таза суу системасынан суу киргизгенге уруксат алуу 3000 сомдон;
5. ИСКАКБ нын жетекчисинин уруксаты жок үйүнө таза суу системасынан суу тартып алган жарандарга 5000 (беш миң) сом өлчөмүндө айып салынсын.
-ошондой эле уруксаты жок өз алдынча суу системаларын, калонкаларды сындырып, бузгандарга 5000 (беш миң) сом өлчөмүндө айып салынсын.
6. Реконструкциялоодо чыккан эски трубалар эсептелип айыл өкмөтүнө кириштелсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер боюнча комиссияга жүктөлсүн.
Миң-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Койчубаев |