Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 20-декабры № 3
“Майбаш” массивине насос жабдыгын сатып алууга кошумча акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө”
Депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын он үчүнчү сессиясы, жогорудагы айтылган “Майбаш” массивине насос жабдыгын сатып алууга кошумча акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. АРИС программасы аркылуу сатылып келүүчү насос жабдыгына акча каражаты жетпей калгандыгына байланыштуу 226800 (эки жүз жыйырма алты миң сегиз жүз) сом акча каражаты айыл өкөтүнүн бюджетинен ТЖК бөлүмүнөн бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн Ф.Э.Б. башчысы С.Токторалиевага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Миң-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Койчубаев |