Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 20-декабры № 4
Миң-Булак айылдык аймагынын 2013-2017-жылдарга туруктуу
өнүгүү стратегия программасынын инвестициялык долбоорунун
бюджетин бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын он үчүнчү сессиясы, жогорудагы айтылган Миң-Булак айылдык аймагынын 2013-2017-жылдарга туруктуу өнүгүү стратегия программасынын инвестициялык долбоорунун бюджетин бекитүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Миң-Булак айылдык аймагынын 2013-2017-жылдарга туруктуу өнүгүү стратегия программасынын инвестициялык долбоорунун бюджетин бекитилсин.(тиркеме тиркелет).
2. Миң-Булак айылдык аймагынын 2013-2017-жылдарга туруктуу өнүгүү стратегия программасынын инвестициялык долбоорунун бюджетинде каралган иш-чаралардын өз убагында аткарылуусуна катуу көзөмөл жүргүзүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Миң-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Койчубаев |