Редакцияот 18.09.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ОРО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Оро айылдык Кеңешинин 9 чакырылышынын 25 сессиясы

 

2015-жылдын 18-сентябры № 04

 Т.Чолушев атындагы орто мектебинин “Мектептеги тамак-аш программасын оптималдаштыруу” долбооруна катышуу жөнүндө

Оро айылдык кеңешинин 9-чакырылышынын кезектеги 25-сессиясы Т.Чолушев атындагы орто мектебинин “Мектептеги тамак-аш программасын оптималдаштыруу” долбооруна катышуу жөнүндөгү долбоорун талкуулап, тактап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Т.Чолушев атындагы орто мектебинин “Кыргыз Республикасындагы мектептеги тамак-аш программасын оптималдаштыруу” долбооруна катышуусуна колдоо көрсөтүлсүн.

2. Колдоонун жоопкерчилиги Оро айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Сураповго жүктөлсүн.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

Оро айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б. Акматов