Загрузка документа…
КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыштут айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XIX сессиясы
2015-жылдын 4-сентябры № 4
Кыштут айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыштут айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Н. Айдаровдун билдирүүсүн угуп жана кеңири талкуулап Кыштут айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыштут айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын бюджетинин аппараттык башкаруу бөлүмүнө III кварталга каралган сметанын 2222 статьясынан 250,0 миң сом III кварталдын сметасынын 2215 статьясына «22154900 башка кызматтарга акы төлөө менен байланышкан бөлөк чыгашалар» 250,0 миң сом которуу менен жылдырылсын;
2. Мектептер бөлүмүнө каралган «электр энергия акы 2232» статьясынын үнөмүнүн эсебинен 200,0 миң сом жана балдар бакчасы бөлүмүнө каралган «электр энергия акы 2232» статьясынын уюмунун эсебинен 60,0 мин сом балдар бакчасы бөлүмүнүн III кварталынын сметасынын 2221 статьясына «22211100 имараттарды жана жайларды учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар» 260,0 миң сом которуу менен жылдырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кыштут айылдык Кеңешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кыштут айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Зикиров |