Загрузка документа…
КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыштут айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XX сессиясы
2015-жылдын 13-октябры № 2
Кыштут айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын IV кварталына бекитилген бюджетине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыштут айыл өкмөтүнүн Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XХ сессиясынын Кыштут айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Айдаров Артыкбайдын билдирүүсүн угуп жана кеңири талкуулап Кыштут айылдык Кенешинин V чакырылышынын XX кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыштут айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын бюджетинин аппараттык башкаруу бөлүмүнө каралган «көмүр сатып алуу 2224» статьясынын эсебинен 72,8 миң сом, «электр энергиясына акы 2232» статясынын эсебинен 131,8 миң сом – бардык сумма 204,6 миң сом;
орто мектептер бөлүмүнө каралган «көмүр сатып алуу 2224» статьясынын эсебинен 218,2 миң сом, «электр энергиясынан акы 2232» статьясынан 265,6 миң сом жалпысы 483,8 миң сом, бардыгы 688,4 миң сом аппараттык башкаруу бөлүмүнүн IV кварталынын сметасынын 3111 «311122 турак жай эмес имараттарды сатып алуу жана куруу» статьясына 383,4 миң сом, 3111 «31112290 башка имараттарды сатып алуу жана куруу» статьясына383,4 миң сом, 3111 «31112290 башка имараттарды сатып алуу жана куруу» статьясына 305 миң сом которулсун.
2. Балдар бакчасы бөлүмүнө каралган «көмүр сатып алуу 2224» статьясынын эсебинен 5,4 миң сом, «электр энергиясына акы 2232» статьясынын эсебинен 208,1 миң сом – бардыгы болуп 213,5 миң сом балдар бакчасы бөлүмүнүн IV кварталынын сметасынын 3111 «31112290 башка имараттарды сатып алуу жана куруу» статьясына 114,5 миң сом, 31123 «31123230 компьтердик жабдууларды сатып алуу» статьясына 99,0 миң сом которулсун.
3. Кыштут айыл окмотунун аппараттык башкаруу болумуно каралган 2222 «22221100 камсыз кылууларды алуу» статьясынын эсебинен 31,0 мин сом аппараттык башкаруу болумунун 31123 «31123230 компьютердик жабдууларды сатып алуу» стаьясына которулсун.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айылдык Кенешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кыштут айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Зикиров |