Загрузка документа…
| Шаардык Кеңештин 27-август 2011жылкы № 119-токтомуна тиркеме |
ДЕПУТАТТАРДЫН СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
РЕГЛАМЕНТИ
1.1 Депутаттардын Сүлүктү шаардык Кеңешинин сандык курамы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация» жөнүндөгү мыйзамдын 28-беренесинин 1-пунктунун негизинде 25 кишиден болуп белгиленет.
1.2 Депутаттардын Сүлүктү шаардык Кеңешинин регалменти Кеңештин ишинин тартибин аныктайт жана анын демократиялык принциптеринин өнүгүшүн жана натыйжалуулугун жогорулатууну камсыз кылат.
1.3 Депутаттардын Сүлүктү шаардык Кеңеши бардык маселелерди коллективдүү. Эркин ачык, таза иштиктүү талкуулоо менен анын натыйжасын депутаттарга, жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрүнө сессияларда жана элдик жыйындарда билдирип туруу менен жургүзөт.
1.4 Шаардык Кеңештин депутаттары өз милдеттерин жана укуктарын коомдук башталышта өндүрүштүк же кызматтык иштерин жүргүзүү менен алып барат.
1.5 Шаардык Кеңештин депутаттары өзүнүн иш аракеттерин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» ж.б. Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдарынын жана нормативдик актыларынын негизинде жүргүзүлөт.
1.6 Сүлүктү шаардык Кеңештин регламенти Кеңештин заседаниесинде кабыл алынат. Регламентке өзгөртүүлөр жана тактоолор шаардык Кеңеш тарабынан Кеңештин төрагасынын депутаттарынын туруктуу комиссияларынын жана депутаттардын демилгеси менен тийиштүү мыйзамдардын ченеминде киргизилет.
2.1. Шаардык Кеңеш Кыргыз Республикасынын Конституциясынын Кыргыз
Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү мыйзамдын 27-беренесинин 1,2,3-пункттарында белгиленген ыйгарым укуктардын чектеринде төмөнкү маселелерди кароого жана алар боюнча чечимдерди, токтомдорду кабыл алууга укуктуу.
2.2 Шаардык сессияларында төмөндөгүдөй маселелер чечилет.
1) Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилөө.
2) Жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджетти аткаруунун жана бюджеттен тышкары фонддорду пайдалануунун жүрүшү жөнүндө маалыматты угуу.
3) Аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитүү жана алардын аткарылышына контролдук кылуу.
4) Жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча женилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды белгилөө.
5) Жергиликтүү жамаатын муниципалдык менчигин пайдалануу жана тескөө тартибин белгилөө, анын ичинде муниципалдык менчик объектерин менчиктештирүү программасын бекитүү жолу менен белгилөө, муницпалдык менчиктин пайдаланышына контролдукту жузөгө ашыруу.
6) Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруучу тескөөчү органынын иши жөнүндө отчету угуу.
7) Мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтөнөн мурда токтотуу.
8) Депутаттардын жалпы саны менен көпчүлүк добуш менен мэрге ишеним көрсөтпөө.
9) Жергиликтүү жамаатты бекитүү. Административдик аймактык түзүлү боюнча сунуштарды тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизү максатында аларды иштеп чыгуу.
10) Төраганы жана орун басарын шайлоо, алардын кызматынан бошотуу, Кеңештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу :
11) Жергиликтүү Кеңештин регламентин бекитүү :
12) Өз чечимдеринин аткарылышына контролдук кылуу :
13) Өкмөт аныктаган чечимдердин негизинде сунушу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органынын структурасын жана штаттык санын бекитүү :
14) Муздак сууну, канализацияны, жылуулук жабдууларын пайдалануу үчүн, ошондой эле турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу үчүн тарифтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылып бекитүү:
15) Шаардын мэрин шайлоо :
16) Мыйзам менен белгиленген жерге салыктын базалык ставкаларынын чектеринде шаардык жерлерге салыктын дифференцияланган ставкаларын белгилөө :
17) Жергиликтүү жамааттын уставына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү :
3. Шаардык Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктары. Милдеттери жана жоопкерчилиги.
Шаардык Кеңештин депутаты
3.1.Тийиштүү шаардык Кеңештин органына шайлоого жана шайланууга;
3.2. Шаардык Кеңештин жана анын органдарынын кароосу үчүн маселелерди сунуш кылууга
3.3. Шаардык Кеңештин жана анын органдарынын заседаниесинин күн тартибине маселелерди кароонун тартиби жана алардын маани манызы жана сын пикирин киргизүүгө.
3.4. Токтомдордун, чечимдердин долбоорлорун, шаардык Кеңеш жана анын органдары кабыл алуучу башка документтерди, аларга карата түзөтүүлөрдү кароо үчүн киргизүүгө.
3.5. Шаардык Кеңеш тарабынан шайлануучу, дайындалуучу же бекитилүүчү адамдарынын талапкерлери боюнча ой пикирин айтууга:
3.6. Шаардык Кеңеш түзгөн органдарга, алардын курамына кирген адамдарга ошондой эле шаардык Кеңеш шайлаган дайындаган же бекиткен адамдарга ишенич жөнүндө маселе коюуга.
3.7. Талаш тартыштарга катышууга, суроо-талаптар менен кайрылууга.
3.8. Баяндамачыларга, кошумча баяндамачыларга, жыйындарга төрагалык суроолор берүүгө:
3.9. Шаардык Кеңештин жыйындарында шаардык Кеңешке отчет берүүчү же болбосо контролдугу астындагы ар кандай органдардын же кызмат адамынын ошондой эле тийиштүү жергиликтүү Кеңештин кызмат өтөшүнө кирген маселелер анын аймагында иштеген башка органдардын жана кызмат адамдарынын отчетун, маалыматын угуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;
3.10. Өзүнүн сунуштарын негиздөө менен жана чыгып сүйлөөгө, маалыматтар берүүгө;
3.11. Шаардык Кеңештин жана анын органдарынын жыйындарында эгерде алар коомдук мааниге ээ болсо жарандардын же алардын бирикмелеринин кайрылууларынын, арыздарынын резолюцияларынын тексттерин шаардык Кеңеш белгилеген тартипте жарыялоого.
3.12. Шаардык Кеңештин депутаты өзүнүн шайлоо округунун шайлоочуларынын алдында жоопкер жана алардын алдында ар жарым жылда билдирүү берип, бир жылда бир жолу аткарган иштери жөнүндө отчет берип турууга милдеттүү;
Шаардык Кеңештин депутаттарынын башка ыйгарым укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги
3.13. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө», «Жергиликтүү Кеңештердин статусу жөнүндө» тийиштүү мыйзамдардын жана нормативдик актылардын ченеминде аныкталат.
4.1 Шаардык Кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү тартиби жана шайлоонун башка жол-жобо маселелери шаардык Кеңештин регламенти менен аныкталат.
4.2 Өзүнүн милдеттерин аткарбаган же ойдогудай эмес аткарган учурда шаардык Кеңештин төрагасы ээлеген кызматынан шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен, шаардык Кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мумкүн.
4.3 Шаардык Кеңешинин төрагасы акы төлөнүүчү кандай болбосун башка кызматтарды ээлөөгө укуксуз :
4.4 Шаардык Кеңештин төрагасы :
- Шаардык Кеңештин сессияларын чакырат ;
- Сессияларда төрагалык кылат ;
- Шаардык Кеңештин чечимдерине кол коет
- Шаардык Кеңеш жүктөгөн башка милдеттерди аткарат.
4.5 Шаардык Кеңештин төрагасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, Кыргыз Республикасынын ардактуу наамдарын берүү жөнүндө өтүнүч кылат :
5.1 Шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары сессияда депутаттардын ичинен ачык добуш берүү менен шайланат.
5.2 Кеңештин төрагасынын орун басары Кеңештин тапшырмаларын аткарат, ал жокто же өзүнүн милдеттерин аткара албаган учурда анын милдеттерин аткарат. Төраганын орун басары ээлеген кызматынан шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен. Шаардык Кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси боюнча бошотулушу мүмкүн.
5.3 Шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары өз ишин коомдук башталыштарда жүзөгө ашырат.
6.1 Шаардык Кеңештин төрагасы шаардык Кеңештин сессиясында жашыруун добуш берүү менен депутаттардын ичинен Кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө торт жылга шайланат.
6.2 Жаны шайланган шаардык Кеңештин төрагалыгына алтернативдик жол менен экиден кем эмес кандидатура депутаттардын арасында жумшак рейтинг өткөрүлүшүнүн жыйынтыгынын негизинде эң улуу депутат тарабынан шаардык Кеңештин сессиясына сунушталат.
6.3 Шаардык Кеңештин сессиясына катышкан депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган депутат шаардык Кеңештин төрагасы болуп шайланат.
6.4 Шаардык Кеңештин төрагасын шайлоо боюнча сессия депутаттардын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси катышканда гана өткөрүүгө болот.
6.5 Кандидаттарды шаардык Кеңештин депутаттары кайрадан шайланбаган учурда түзүлгөн кырдаал Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдарынын ченеминде чечилет.
7.1 Депутаттардын шаардык Кеңешинин иш пландары депутаттардын туруктуу комиссияларынын сунуштарынын негизинде Кеңештин жооптуу катчысы тарабынан жылдын аякташына 15 күн калгандан кечиктирилбестен бир жылдык мөөнөткө түзүлөт жана бир айдын ичинде шаардык Кеңештин сессиясында талкууланып бекитилет.
7.2 Шаардык Кеңештин бир жылдык ишинин планы төмөнкү бөлүмдөрдөн турат :
- Шаардык Кеңештин сессиясынын жыйындарында каралуучу маселелер.
- Мыйзам ченеминде депутаттар тарабынан сунушталган башка маселелер
- Шаардык Кеңештин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын жыйындарында каралуучу маселелер ;
- Уюштуруу-массалык иштери боюнча маселелер .
7.3 Иш планда көрсөтүлгөн маселелер боюнча токтомдордун долбоорун тийиштүү иш-чараларынын өз убагында сапаттуу даярдалышына иш-планда бекитилген кызмат адамдары жооп берет.
7.4 Депутаттардын шаардык Кеңешинин келечектеги жана учурдагы пландарынын аткарылышын көзөмөлдөө жагы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы жооптуу катчы жана туруктуу комиссиялар тарабынан жүзөгө ашырылат.
8.1 Шаардык Кеңештин ыйгарым укугуна кирген маселелерди алдын ала даярдоо жана кароо боюнча, ошондой эле Кеңештин чечимдерин, токтомдорун шаардын аймагында мыйзам ченеминде баш ийген мекеме, ишкана, уюмдар жамааттар тарабынан аткарылышын көзөмөлдөө үчүн «Финансы, бюджет, экономика». «Өнөр-жай, курулуш, коммуниакция, айыл-чарба жана кичи бизнести өнүктүрүү», «Социалдык жардам жана социалдык маданий иштер», «Мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук өзүн-өзү башкаруу» боюнча жана депутаттардын сунушунун негизинде жана башка туруктуу комиссия түзүлөт.
8.2 Турукту жана убактылуу комиссиялардын укуктары, милдеттери иштерин уюштуруу тартиби Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө мыйзамдын негизинде жүргүзүлөт.
8.3 Шаардык Кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн окумуштууларды, адистерди, практикалык кызматкерлерди жана адамдарды тартууга укуктуу. Шаардык Кеңештин туруктуу комиссиясы өздөрүнүн компетенциясына таандык маселелер боюнча чечимдерди, токтомдорду кабыл алат жана анын аткарылышын шаардык Кеңештин жооптуу кызматкерлери менен биргеликте көзөмөлдөйт.
9.1 Шаардык Кеңештин туруктуу комиссиялары :
- Кеңештин туруктуу комиссиясынын кароосуна киргизилип, тиешелүү аймактык экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүшүнө байланыштуу маселелерди даярдоого катышат :
- Өзунө тиешелүү аймакта социалдык-маданий жана өндүрүштүк инфраструктураны өнүктүрүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негиздерин чындоо маселелери боюнча Кеңешке сунуштарды киргизет.
- Өзүнүн аймагынын экономикалык өнүктүрүүнун пландарын жана бюджеттин долбоорун пландардын жана бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетторду алдын ала карайт, алар боюнча өзүнүн сын-сунуштарын жана пикирлерин даярдайт. Зарыл болгон учурда аларды шаардык Кеңештин жыйындарында талкуулоого берет:
- Шаардык Кеңеште кабыл алынган токтомдордун, чечимдердин жана шаар Уставынын талаптарынын аткарылышын Кеңештин жооптуу кызматкерлери менен биргеликте контролдоону жүзөгө ашырат.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана шаардык Кеңештин регламентинде белгиленген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
- Шаардык Кеңештин туруктуу комиссиялары өздөрүнө таандык маселелер боюнча тиешелүү аймакта жайгашкан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилерин жана адистерин угууга укуктуу.
10.1. Депутаттык фракция шаардык Кеңешке шайланган депутаттардан ыктыярдуу түрдө түзүлгөн топтор. Шаардык Кеңештин шайланган депутаттары депутаттык фракцияларга (мындан ары фракция) биригишет.
10.2. Шаардык Кеңеште көпчүлүк деп, депутаттардын мандаттарынын жарымынан көбүнө ээ болгон шаардык Кеңештеги фракциялардын коалициясын түзүү жөнүндө расмий жарыялаган фракция же фракциялардын коалициясы саналат.
10.3. Фракциялардын курамына же көпчүлүктун фракцияларынын коалицияларына кирбеген фракция же фракциялар жергиликтүү Кеңеште азчылык деп саналат.
10.4. Депутаттык фракциялар бирдей укукка ээ.
10.5. Депутаттык фракциялар ар кайсы мезгилде фракциянын курамына кирүүнү каалаган депутаттардын чечими менен түзүлөт.
10.6. Шаардык Кеңештин депутаттарынын фракциялары 7 ден кем эмес депутаттан түзүлөт.
10.7. Депутаттык фракциялар фракция түзүлүп жаткандыгы жөнүндө, фракциянын аталышын, анын курамын жана фракциянын жетекчисинин фамилиясын, аты жөнүн көрсөтүү менен шаардык Кеңештин төрагасына жазуу түрүндө арыз берилет.
10.8. Депутаттык фракция түзүү жөнүндө арызга фракциянын бардык мүчөлөрүнүн кол тамгалары коюлат.
10.9. Фракцияны каттоо депутаттык фракция түзүү жөнүндөгү кат түрүндө билдирүү келип түшкөн күндөн баштап 2 жумуш күн аралыгында жүргүзүлөт.
10.10. Шаардык Кеңештин депутаты бир гана фракцияда боло алат.
10.11. Регламентке ылайык катталбаган фракция, фракциялардын укугуна ээ боло албайт.
10.12. Фракциялардын иш тартиби жана депутаттын фракциядан чыгуу шарттары фракция тарабынан аныкталат.
10.13. Фракциялар коалицияга биригише алат .Коалицияга биригүү фракциялардын макулдашуусу менен жүргүзүлөт.
10.14. Фракциялар мэрдин кызмат ордуна талапкерди көрсөтө алат.
Депутаттардын Сүлүктү шаардык Кеңешинин жыйындарында пландаштырылган маселелер коллективдүү талкууланат жана аларды аткаруу боюнча токтомдорду, чечимдерди кабыл алат.
11.1 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык шаардык Кеңешинин жыйыны зарылдыгына жараша үч айда бирден кем эмес чакырылат.
11.2 Кезектеги жыйынды чакыруу убактысы, өткөрүү орду, каралуучу маселелер жөнүндө шаардык Кеңештин токтому жыйынга 10 күн калганга чейин чыгарылат.
11.3 Сүлүктү шаардык Кеңеши Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары тарабынан өзүнүн ыйгарым укугуна ылайык бардык маселелерди жыйындарда кароого жана тийиштүү чечимдерди, токтомдорду кабыл алууга укуктуу. Шаардык Кеңештин аймагында жайгашкан ишканаларда, уюмдарда жергиликтүү жамаатттарда көчмө жыйындар өткөрүрүшү мүмкүн.
11.4 Кезектеги жыйындын күн тартибин бир ай калганда кечиктербестен Кеңештин жооптуу катчысы, туруктуу комиссиялар жана тиешелүү адистер менен биргеликте каралуучу маселелер боюнча иш-пландарын түзөт жана жыйынга материалдарды даярдайт.
11.5 Шаардык Кеңештин кароосуна киргизилүүчү докладдар, маалыматтар шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларында же депутаттык топтун жыйындарында каралып тийиштүү токтомдор кабыл алынат.
11.6 Шаардык Кеңештин жыйындарынын өткөрүү тартиби жана регламенти. Кароого коюлуучу маселелердин токтомдорунун долбоорлору, ошондой эле депутаттарды сессияларга чакыруу барактары шаардык Кеңештин жооптуу катчысы тарабынан уюштурулат жана жыйындарга чакырылгандарга үч күн калганга чейин жеткирилет.
11.7 Кабыл алынган документтерди өз убагында жеткире иштеп чыгуу аларды даярдаган туруктуу комиссиялар менен Кеңештин аппаратынын адистерине жүктөлөт. Алар кабыл алынган токтомдорду депутаттардын пикирлери менен сунуштарын эске алуу менен жеткире иштеп чыгышат жана жыйындын иши бүткөндөн кийин бир жумалык мөөнөттөн кечиктирбестен жооптуу катчыга тапшырышат. Шаардык Кеңеш өтө маанилүү маселелер боюнча токтомдордун долбоорлорун эмгек коллективдеринде жана калк менен алдын ала талкулоосу мумкүн.
11.8 Шаардык Кеңештин жыйындарында айтылган сын-сунуштардын негизинде атайын иш-чара даярдалат жана анын аткарылышын камсыз кылуу үчүн такай иш жүргүзүлөт керек болгон учурда иш чаралардын аткарылышы боюнча тийиштүү жетекчилердин отчетторун шаардык Кеңештин жыйындарында кароону уюштурат.
11.9 Шаардык Кеңештин кезексиз жыйындары Кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин талабы боюнча чакырылат. Кезексиз жыйынды чакыруу жөнүндө депутаттарга 3 күндөн кем эмес убакта кабарландырылат.
12.1 Депутаттардын шаардык Кеңешинин жыйындары (сессиялары) шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санын кеминде жарымы катышканда өткөрүлүүгө укуктуу болот. Жергиликтүү Кеңеш, эгерде мыйзамда башкача каралбаса, жергиликтүү Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алынат.
12.2 Жыйындарды өткөрүү мезгилинде шаардык Кеңеш ачык добуш берү менен катчыны көрсөтөт жана катчыны шайлайт.
12.3 Шаардык Кеңештин жыйындарында каралуучу маселелер, докладдар билдирүүлөр жана алар боюнча чыгып сүйлоолор, дем алыштар жыйынды алып бару тартибинде белгиленип депутаттардын макулдугу менен бекитилет.
12.4 Сүлүктү шаардык Кеңештин жыйындары ачык түрдө өткөрүлөт жана зарыл учурда депутаттардын макулдугу менен жабык түрүндө өткөрүлөт.
12.5 Сүлүктү шаардык Кеңешинин депутаттарынын ыйгарым укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жергиликтүү мамлекеттик администрация» жөнүндөгү мыйзамдардын ченеминде аныкталат.
12.6 Күн тартибиндеги кээ бир маселелер шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларына өткөрүлүп берилиши мүмкүн. Комиссиялар тарабынан иштелип чыккан тыянактар. Сунуштар жөнүндө шаардык Кеңештин депутаттарынын алдында атайын билдирүү жасалат.
12.7 Шаардык Кеңештин токтомунун долбоору боюнча сунуштар жана түзөтүүлөр шаардык Кеңештин депутаттарынын добушуна коюлат. Токтом ачык добуш менен кабыл алынат.
12.8 Шаардык Кеңештин дарегине жамааттардан, жарандардан түшкөн катар, сунуштар Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдарынын негизинде каралып жыйынтыгы тийиштүү органдарга билдирилет.
13.1 Шаардык Кеңештин бардык жыйындарынын жүрүшү жана мазмууну жөнүндө протоколдор түзүлөт.
13.2 Шаардык Кеңештин жыйындарынын (сессиясынын) протоколунда төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт :
- Протоколдун номери :
- Кеңештин аталышы. Заседаниенин катар номери, заседаниенин өткөрүлгөн күнү, айы жана орду.
- Шаардык Кеңешке шайланган депутаттардын саны, катышкан жана катышпаган депутаттардын чакырылгандардын курамы :
- Жыйынды ачкан депутаттын аты-жөнү, шайлоо округунун номери жана ээлеген кызматы :
- Жыйындын күн тартиби, ар бир маселе боюнча докладчы менен кошумча докладчынын аты-жөнү жана ээлеген кызматы :
- Жарыш сөзгө чыгып сүйлөгөн депутаттардын, анын ичинде чакырылгандардын аты-жөнү жана округунун номери жана ээлеген кызматы :
- Жактап же каршы болуп добуш бергендердин так санын көрсөтүү менен кабыл алынган токтомдордун тизмеси.
Жыйындын протоколуна төмөнкүлөр тиркелет :
- Кабыл алынган токтомдор ;
- Жыйынга катышкан депутаттардын тизмеси ;
- Докладдардын, кошумча докладдардын, билдирүүлөрдүн жана тактамалардын текстери ;
- Жыйынга чыгып сүйлөө үчүн жазылган, бирок жарыш сөздөрдүн токтолушуна байланыштуу сөз ала албай калган депутаттардын берген кат жүзүндө сунуштары жана пикирлери, ошондон эле соң жыйынга катышкан депутаттардын жана катышуучулардан келип түшкөн суроолор.
13.3 Шаардык Кеңештин жыйынынын протоколу толтурулуп Кеңештин төрагасы жана жооптуу катчысы тарабынан кол коюлуу менен эки жумалык мөөнөттөн кечиктирилбестен регламенте көрсөтүлгөн тиркемелер менен бирге бир жалпы иш кагазы ирет менен тиркелет.
Шаардык Кеңештин төрагасы жыйындын протоколу жазуулардын тууралыгы үчүн жооп берет жыйындын протколунун өз убагында толтурулушу үчүн уюштуруу бөлүмүнүн башчысы- жооптуу катчы жооп берет.
13.4 Шаардык Кеңештин заседаниесинин протколуна кол коюлгандан кийин анын көчүрмөсүнүн бир нускасы тиркемелер менен бирге талап кылган тийиштүү мыйзам ченеминде органдарга жөнөтүлөт.
Жыйындын протоколунун биринчи нускасы шаардык Кеңештин иш кагаздарынын ичинде сакталат жана төрт жылдан кийин такай сактоо үчүн мамлекеттик архивке өткөрүлөт.
Жыйындардын протоколдору тиркемелери менен таанышуу үчүн керектүү материалдар депутаттардын талабы боюнча берилет.
13.5 Шаардык Кеңештин токтомдору, чечимдери Кеңештин туруктуу комиссияларына жана Кеңешке отчет берүүчү органдарга, ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга кызмат адамдарына жети күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен жөнөтүлөт жана керектүү материалдар жергиликтүү басма сөзгө жарыяланат.
13.6 Шаардык Кеңештин аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын дарегине берилген сунуштар жана талаптар тез аранын ичинде каралып жана алардын натыйжалары тийиштүү жетекчилер тарабынан шаардык Кеңешке жана шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларына он беш күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен берилүүгө тийиш.
14. Шаардык Кеңеште кабыл алынган токтомдордун, чечимдердин жана буйруктардын аткарылышын уюштуруу. Көзөмөлдөө
14.1 Шаардык Кеңештин токтомдорун, чечимдерин кабыл алуу жана алардын аткарылышын уюштуруу, көзөмөлдөө депутаттардын шаардык Кеңешинин жооптуу кызматкерлеринин жана туруктуу комиссиялардын эң негизги милдети болуп саналат.
14.2 Шаардык Кеңешке түшкөн жогору органдардын токтомдору. Чечимдери жана буйруктары бир айлык мөөнөттүн ичинде аткарылууга тийиш. Ал документтер боюнча кошумча текшерүүлөр, талдоолор жана башка материалдар талап кылынбаган учурда он күндүн ичинде аткарууга тийиш.
14.3 Жогорку органдардан түшкөн документтердин аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин жооптуу кызматкерлери тарабынан ишке ашырылат.
14.4 Жооптуу катчы ай сайын, кийинки айдын 20-числосуна чейин шаардык Кеңештин төрагасынын наамына документтеринин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат даярдайт.
14.5 Көзөмөлгө коюлган документтер иш жүзүндө аткарылгандан кийин шаардык Кеңештин төрагасы тарабынан контролдон алынып салынат.
15.1 Шайлоочулардын сын-сунуштарын жана талаптарын эсепке алуу, аларды алдын ала кароо жана жалпылоо, ал маселелер боюнча шаардык Кеңештин токтомдорун, иш-чараларын даярдоо, токтомдордун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин аппаратынын кызматкерлерине жана туруктуу комиссияларга жүктөлөт.
15.2 Шайлоочулардын сын-сунуштарынын жана талаптарынын аткарылышы боюнча шаардык Кеңештин токтомдору, иш чаралары депутаттардын шаардык Кеңеши тарабынан кабыл алынат.
15.3 Шайлоочулардын сын-сунуштарынын жана талаптарынын аткарылышы жөнүндөгү маалыматтар шаардык Кеңеш тарабынан сессияларда жыл сайын угулат.
16.1 Жарандарды жеке маселелер боюнча кабыл алуу депутаттардын шаардык Кеңешинин аппаратында күн сайын жекшембиден тышкары күндөрү жүргүзүлөт. Жарандарды кабыл алуу саат 10-00до 17-00 го чейин Кеңештин төрагасы жана жооптуу катчысы белгиленген графиктин негизинде жүргүзүлөт.
16.2 Жарандардын каттарын, арыздарын жана даттанууларын кароону, жоопторду даярдоону шаардык Кеңештин төрагасы, аппаратын жооптуу кызматкерлери жана туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын жарандарынын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндөгү мыйзамынын ченеминде жургүзөт.
16.3 Шаардык Кеңештин депутаттары коомдук өзүн-өзү башкаруу органдарынын жана Кеңештин кызматкерлери менен атайын түзүлгөн график боюнча семинарларды, Кеңешмелерди, жыйындарды жана жолугушууларды өткөрүп турат.
17.1. Шаардын мэри шаардык Кеңеш тарабынан аларды чакырып алуу мөөнөтүнө жашыруун добуш берүү аркылуу шайланат.
17.2. Мэрдин кызмат ордуна талапкер көрсөтүүгө шаардык Кеңештин депутаттык фракциялары жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри укуктуу.
17.3. Аракетке жөндөмдүү, жогорку билими бар жана мамлекеттик же муниципалдык кызматта иш тажрыйбасына эгедер, мамлекеттик билим берүү мекемелеринде же болбосо саламаттыкты сактоодо 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын жараны шаардын мэри боло алат.
Кылмыш кылгандыгы үчүн соттолгон жана соттолгондугу мыйзамда белгиленген тартипте алынып салынбаган же жоюлбаган Кыргыз Республикасынын жараны шаардын мэри боло албайт.
17.4. Шаардын мээрин шайлоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы(мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) тарабынан белгиленет жана ал аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан бош орун пайда болгондон тартып 30 күндөн кечиктирилбестен өткөрүлүүгө тийиш.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы шаардын мэрин шайлоону координациялоо жана байкоо жүргүзүү үчүн тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясына Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүн жиберүүгө укуктуу
17.5. Шаардын мэрин шайлоо эгерде ага шаардык Кеңештин депутаттарынын үчтөн экисинен кем эмес катышса болду деп эсептелинет.
17.6. Шайланган шаардын мэрине аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан тийиштүү үлгүдөгү күбөлүк берилет.
17.7. Ушул регламентти бузуу шайлоону жараксыз деп табууга алып келет.
Шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерлерди каттоонун тартиби.
17.8. Шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерлерди каттоо үчүн шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөткөн шаардык Кеңештин депутаттык фракциясы, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри шайлоого чейинки 5 жумуш күнүнөн кечиктирбестен тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди берүүгө тийиш :
1)шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү боюнча чечим ;
2)талапкерлердин көрсөтүлүүгө макулдугу жөнүндө арызы ;
3)талапкерлердин аты-жөнү, туулган датасы, жумуш орду, ээлеген кызматы (ишинин түрү) жана жашаган жерин көрсөткөн өмүр баянынын маалыматтары ;
4)«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-беренесине ылайык, шаардын мэрине көрсөтүлгөн талаптарды ырастаган тийиштүү документтер.
17.9.Тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясы документтер кабыл алынгандан тартып 3 календарлык күндүн ичинде шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү тартибинин «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келерин текшерет жана талапкерлерди каттоо жөнүндө же аны каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөөлүү чечимин кабыл алат.
17.10. Эгерде аймактык шайлоо комиссиясы шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерлерди каттоого тоскоол болуп саналган талапкерлердин документтериндеги ылайык келбоочулукту аныктаса, документтер алынгандан 24 саат ичинде аймактык шайлоо комиссиясы талапкерлерди көрсөткөн шаардык Кеңештин депутаттык фракциясына, Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине аталган ылайык келбоочулук туурасында кабарлоого милдеттүү.
Талапкерди көрсөткөн шаардык Кеңештин депутаттык фракциясы, Кыргыз Республикасынын Премьер – министри кабарландырууну алган учурдан тартып 48 саат ичинде зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерди тиешелүү шайлооо комиссиясына берүүгө укуктуу.
17.11. Шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерлерди каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясына ал кабыл алынган учурдан тартып бир сутканын ичинде талапкерди шаардын мэринин кызмат ордуна көрсөткөн шаардык Кеңештин депутаттык фракциясы, Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине шайлоо комиссиясынын баш тартуусунун негизи баяндалган чечиминин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.
17.12. Шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерлерди каттоодон баш тартууга төмөнкүлөр негиз болот;
1)«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы тарабынан каралган көрсөтүү тартибин сактагандык ;
2)Талапкерлердин пассивдуу шайлоо укугунун жоктугу ;
3)Талапкерлер башка мамлекеттин жарандыгына тиешелүү экендиги ;
4)Талапкерлерди шаардын мэринин кызмат ордуна көрсөткөн субъектилер тарабынан (шаар Кеңешинин депутаттык фракциясы, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри) «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53-беренесинин 1 –бөлүгүндө көрсөтүлгөн бардык зарыл документтерди сунуш кылбагандык ;
17.13. Талапкерлерди шаардын мэринин кызмат ордуна каттоодон баш тартуу чечим Борбордук шайлоо комиссиясына же сотко даттанылышы мумкүн.
17.14. Тиешелүү шайлоо комиссиясы бардык талапкерлерди каттагандан кийин 2 календарлык күндүн ичинде шаардын мэрин шайлоону уюштурат.
17.15. Шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерлер каалаган учурда, бирок добуш берүү күнүнө чейин 2 күндөн кечиктирбестен тиешелүү шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө арыз берүү менен шайлоого андан ары катышуудан баш тартууга акылуу. Бул учурда талапкерлерди шаардын мэринин кызмат ордуна каттаган аймактык шайлоо комиссиясы талапкерлердин каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү.
17.16. Талапкерлерди шаардын мэринин кызмат ордуна көрсөткөн шаар Кеңешинин депутаттык фракциясы, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри каалаган учурда, бирок добуш берүү күнүнө чейин 2 календарлык күндөн кечиктирбестен, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө арыз берүү менен талапкерди кайра чакырып алууга укуктуу. Бул учурда шаардын мэринин кызмат ордуна тийиштүү талапкерди каттаган аймактык шайлоо комиссиясы талапкерди каттоону жокко чыгаруу жөнүндө чечимди кабыл алууга милдеттүү.
Шайлоону уюштуруу
17.17. Шаардын мэрин шайлоону уюштуруу үчүн добуш берүү күнүнө чейин 2 календарлык күндөн кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен аймактык шайлоо комиссиясынын 3 мүчөсүнөн, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясындагы Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын өкүлүнөн жана шаардык Кеңештин өкүлүнөн турган эсептөө комиссиясы түзүлөт.
Эсептөө комиссиясы өзүнүн жыйналышында өз курамынан төрага жана катчы шайлоо жөнүндө чечим кабыл алат жана бул туурасында тийиштүү протокол түзүп, Борбордук шайлоо комиссиясына жана шаардык Кеңешке кабарлайт
17.18. Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоо бюлетендеринин формасын жана текстин аныктайт, алардын сакталышын камсыз кылат, өзүнүн жыйналыштарынын протоколун жүргүзүүнү уюштурат, ушул Жобого ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
17.19. Шайлоо бюлетендери кыргыз жана орус тилдеринде басылып чыгарылат.
17.20. Бюлетенге шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерлер алфавиттик тартипте киргизилет.
Шайлоону өткөрүү жана добуш берүү
17.21. Шаардын мэрин шайлоо атайын бөлүнгөн жайда өткөрүлөт.
17.22. Депутатттардын келиши, добуш берүүнү уюштуруу, жайды жабдуу жана анда зарыл болгон тартипти кармоо үчүн жоопкерчиликти тиешелүү шаардык Кеңештин төрагасы тартат.
17.23. Добуш берүү жол жобосун камсыздоо жоопкерчилигин эсептөө комиссиясы тартат.
17.24. Добуш берүүнун алдынан добуш берүү укоктору эсептөө комиссиясы тарабынан текшерилет, пломба коюлуп, мөөр басылып бекитилет.
17.25. Ар бир депутат жеке өзү добуш берет, башка адамдар үчүн добуш берүүгө жол берилбейт.
17.26. Добуш берүүчү укокту ачуу алдында пайдаланылбаган бюлетендер эсептелет жана эсептөө комиссиясы тарабынан жокко чыгарылат. Добуш берүүнүн аякташы эсептөө комиссиясынын төрагасы тарабынан жарыяланат.
17.27. Добуш берүүчү укокту ачууга добуш берүү аяктаганга чейин тыюу салынат.
Шаардын мэрин шайлоонун жыйынтыктарын чыгаруу жана жарыялоо.
17.28. Добуш берүү аяктагандан кийин эсептөө комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат. Добуштарды саноо ачык жана айкын, эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан гана жүргүзүлөт жана добуш берүүчү жайда тыныгуусуз өткөрүлөт.
17. 29. Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү пайдаланылбай калган бюлетендерди кайрадан эсептеп чыгышат, аларды жокко чыгарышат жана бул туурасында добуш берүүнүн жыйынтыктарынын протоколуна жазуу жазышат.
17.30. Жараксыз бюлетендер өз алдынча эсептелет жана алар туурасында добуш берүүнүн жыйынтыктарынын протоколуна жазуу жазылат. Шайлоочунун эрк билдирүүсүн аныктоо мүмкүн болбогон, тиешелүү шаардык Кеңештин мөөрү басылбаган, же аныкталган формага ылайык келбеген бюлетендер жараксыз болуп саналат.
17.31. Добуш берүүчү укоктогу бюллетендердин негизинде эсептөө комиссиясы добуш берүүгө катышкан депутаттардын жалпы санын, шаардын мэринин кызмат ордуна талапкер үчүн берилген «макул» жана «бардык талапкерлерге каршы» берилген добуштардын санын аныктайт.
17.32. Добуштарды саноонун натыйжасы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы чыгарылат жана алар протоколго киргизилет.
17.33. Эгерде талапкерлердин бири да добуштардын зарыл санын ала албаса, анда добуш берүүнүн биринчи турунда эң көп сандагы добушту алган эки талапкер боюнча добуш берүү жүргүзүлөт. Экинчи турда шайланды деп, депутаттардын жалпы санынын добуштарынын көбүн алган талапкер таанылат. Аймактык шайлоо комиссиясы түзгөн эсептөө комиссиясы шайлоонун жыйынтыктарын жарыялайт.
Эгерде экинчи турда талапкерлердин бири да добуштардын зарыл санын ала албаса, анда ушул беренеде белгиленген тартипте кайра шайлоо өткөрүлөт.
17.34. Шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушуна ээ болгон шаардын мэринин кызмат ордуна талапкер шайланды деп эсептелинет.
17.35. Протоколго кол койгондон кийин эсептөө комиссиясынын төрагасы шаардык Кеңештин депутаттарынын жана катышкандардын алдында добуш берүүнүн жыйынтыктарын токтоосуз жарыялайт жана протоколду шаардык Кеңештин сессиясынын бекитүүсүнө киргизет.
17.36. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол шаардык Кеңеш тарабынан бекитилгенден кийин аймактык шайлоо комиссиясы анын көчүрмөсүн Борбордук шайлоо комиссиясына жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине жиберет.
17.37. Шаардын мэрин шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө маалыматтар жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.
Шаардын мэринин шайланбай калуусунун кесепеттери.
17.38. Шаардык Кеңештин депутаттары тарабынан шаардын мэри шайланбай калган учурда, бош орун пайда болгон учурдан тартып бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу менен шаардык Кеңешти таратууну ишке ашырат жана шаардык Кеңештин депутаттарын шайлоону дайындайт.
17.39. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тиешелүү шаардык Кеңештин жаны курамы тарабынан мэр шайланганга чейин мэрдин милдетин аткаруучу дайындайт.
18. Шаардык Кеңештин шаардык мэрия, өзүн-өзү башкаруу органдары коомдук уюмдар менен өз ара аракеттери.
18.1 Шаардык Кеңеш шаардык мэрияга көз каранды эмес. Мамлекеттик бийлик органдары шаардык Кеңештин компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө кийлигишүүгө укуксуз.
18.2 Бийликтин жогорку органдары шаардык Кеңештин компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө кийлигише албайт.
18.3 Шаардык Кеңеш шаардык мэриянын компетенциясына кирген маселелерди кийлигишүүгө укуксуз.
18.4 Аймактын таламдарына тиешеси бар маселелер боюнча шаардык Кеңеш сессиянын ишине, туруктуу комиссиялардын жыйындарына катышуу үчүн тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик компетенттердин, административдик ведомстволордун ж.б. бийлик органдарынын өкүлдөрүн чакыра алат.
18.5 Шаардык Кеңеш жылына кеминде эки жолу шаардын мэринин шаардын аймагында аткарылган иштер жөнүндө отчетун угат.
18.6 Шаардык Кеңештин жооптуу катчысы, жоопкерчиликтүү адистер жана шаардын өзүн-өзү башкаруу органдарынын кызматкерлери, мекеме-уюм, ишканалардын жетекчилери, менчигинин түрүнө карабастан шаардык Кеңештин токтомдорун, чечимдерин аткарбагандыгы үчүн мыйзам ченеминде белгиленген тартипте жооп берет.
19.1 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлиги жөнүндөгү Жобого ылайык шаардык Кеңештин имаратынын үстүнө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желеги орнотулат.
19.2 Шаардык Кеңештин төрагасына, катчысына жана адистерине берилүүчү айлык акылары Өкмөттүн тиешелүү нормативдик актыларынын негизинде аныкталат.
19.3 Кеңешти тейлөө үчүн автотранспортко кетүүчү лимиттер, техникалык кызматтарга кетүүчү каражаттар шаардык бюджеттен жана башка жергиликтүү кирешелердин өлчөмүндө аныкталат.
Депутаттардын Сүлүктү шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы |
Джураева М.К |