ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Терек айылдык Кеңешинин XVIII сессиясы
2014-жылдын 19-августу № XVII/1
Айыл ѳкмѳтүнүн бюджетине 9 айдын жыйынтыгы менен
транспорт салыгынан пландан ашык түшкѳн акча каражатын пайдалануу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын «Финансы- экономиканын негиздери жѳнүндѳ» мыйзамына ылайык жана Терек айыл ѳкмѳтүнүн финанчы-экономика бѳлүмүнүн башчысы О.Ажымамбетованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Терек айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Транспорт салыгынан пландан ашык түшкѳн 45700(кырк беш миң жети жүз) сом акча каражаты айылдын башкы планына пайдалансын.
2. Акча каражаты менен камсыз кылуу бѳлүм башчы О.Ажымамбетовага тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл ѳкмѳт башчысы У.Казиевге милдеттендирилсин.
Терек айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Ж. Ажиева |