Редакцияот 02.10.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXIV заседаниеси

 

2015-жылдын 2-октябры № 24/1

Жошолу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2015-жылдын 9 айына карата бекитилген сметасында такталган планга өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2015-жылдын 9 айына карата бекитилген сметасында такталган планга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү айыл өкмөттүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Эрмекбаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап

Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XХIV заседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

“Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү” мыйзамынын 17- беренесине ылайык, Жошолу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 2015-жылдын 9 айына бекитилген сметасынын төмөндөгү салыктын түрлөрүнө такталган планга өзгөртүү киргизүү жагы каралсын:

бөлүм

Бөлүмдүн аталышы

Берененин аталышы

бардыгы

3-квартал

көбөйтүү

азайтуу

1

14232400

Мектеп жана мектепке чейинки мекемелерге кошумча кызмат көрсөтүү боюнча төлөм

26,5

26,5

 

 

 

Баары:

26,5

 26,5

 

 

2.Жошолу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 2015-жылдын 9 айына бекитилген сметасынын төмөндөгү беренесинин такталган планга өзгөртүү киргизүү жагы каралсын:

бөлүм

Бөлүмдүн аталышы

Берененин аталышы

бардыгы

4-квартал

көбөйтүү

азайту

22181100

Бала бакча

Тамак-аш азык-түлүктөрүн сатып алуу

26,5

 

 

 

Баары:

26,5

 26,5

 

 

3.Жогорудагы акча каражатынын 2015-жылдын 9 айына карата бекитилген сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизип берүү жагы Алай райондук финансы бөлумүнөн суралсын.

4.Өзгөртүү киргизилген токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы финансы бөлүмүнүн башчысы Б.Эрмекбаевага милдеттендирилсин.

5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Ж.Өмүрзаковго тапшырылсын.

 

Жошолу айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

А. Иманахунов