Редакцияот 21.01.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 26 сессиясы

 

2016-жылдын 21-январы № 3

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигиндеги айылдык поликлиника имаратын подвал бөлүгүн №58 кесиптик лицейин акысыз  пайдаланууга  берүү жөнүндө

Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы №58 кесиптик лицейин 2016-жылдын 15-январындагы № 21\1 катын карап чыгып, айыл  жаштарына кесиптик билим берүүнү деңгээлин жогорулатуу, кесиптик лицейдин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, окуучуларга шарт жаратип берүү максатында айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигинин эсебиндеги айылдык  поликлиника имаратын подвал бөлүгүн узак мөөнөткө акысыз пайдаланууга берүү максатында Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын заседаниясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1   Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигиндеги айылдык поликлиника имаратын подвал бөлүгүн №58 кесиптик лицейине  ижара акы албастан, акысыз  пайдаланууга, келишим түзүү жолу менен  берүү жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

2   №58 –кесиптик лицейдин билдирүүсүндө белгиленген мөөнөтө, аталган ремонт иштери 2 (эки) жылдын ичинде аткарылбаса, түзүлгөн келишим өзүнүн күчүн жоготушу кесиптик лицейдин директору А. Туланбаевге эскертилсин.

3   Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Жаңы-Ноокат айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

А. Имамов