Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын XXX сессиясы
2016-жылдын 10-февралы № 4
АРИС долбоору аркылуу жаӊы курулган №4 балдар бакчасынын имаратын Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигине баланска алууга жана Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнө оперативдүү башкарууга өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 5-беренесинин 6-пунктуна жана 16-беренесине ылайык жана Жалал-Абад шаардык мэриясынын 11.01.2016-жылдагы №8-1/27 катты шаардык кеӊештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XХХ-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. АРИС долбоору аркылуу курулган Жалал-Абад шаарынын С.Ибраимов көчөсүндө жайгашкан №4 балдар бакчасынын жаӊы имаратын муниципалдык менчикке кабыл алууга уруксат берилсин жана Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнө оперативдүү башкарууга өткөрүлүп берилсин.
2. АРИС долбоору аркылуу курулган Жалал-Абад шаарынын С.Ибраимов көчөсүндө жайгашкан №4 балдар бакчасынын жаӊы имаратын муниципалдык менчикке кабыл алып, кайрадан Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнө оперативдүү башкарууга өткөрүп берүү Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин төрагасына (Б.Джусупбеков) милдеттендирилсин.
3. Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысына (Ы.Калчаев) оперативдүү башкарууга берилген мүлктөрдүн сакталуусун өз жоопкерчилигине алуу жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, комуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарынан расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Э.Ормоков |