Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын XXX сессиясы
2016-жылдын 10-февралы № 5
Жалал-Абад шаарынын №4 орто мектебинин жана №9 орто мектебинин жаӊы курулган отказандарын баланска алуу жана Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнө оперативдүү башкарууга өткөрүп берүү
Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин 28.12.2015-жылдагы №1535-катты шаардык кеӊештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XХХ-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын №4 орто мектебинин жана Р.Санатбаев атындагы №9 орто мектебинин отказандарын муниципалдык менчикке баланска алууга уруксат берилип, Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнө оперативдүү башкарууга өткөрүлүп берилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын №4 орто мектебинин жана Р.Санатбаев атындагы №9 орто мектебинин отказандарын муниципалдык менчикке баланска алып, кайрадан Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнө оперативдүү башкарууга өткөрүп берүү жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин төрагасына (Б.Джусупбеков) милдеттендирилсин.
3. Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысына (Р.Калчаев) оперативдүү башкарууга алган мүлктүн сакталуусун өз жоопкерчилигине алуу жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарынан расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Э.Ормоков |