Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын XXX сессиясы
2016-жылдын 10-февралы № 8
Жалал-Абад шаарынын Р.Азимов көчөсүнөн көп кабаттуу үй куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүүгө уруксат берүү жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 10.02.2016-жылдагы чыг.№06-02/277 катты шаардык кеӊештин сессиясында талкуулап, КРнын Өкмөтүнүн «Жеткиликтүү турак жай» программасын аткаруу максатында Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XХХ-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Жеткиликтүү турак жай» программасынын алкагында Россия-Кыргыз Өнүгүү Фонду тарабынан каржыланып курула турган 60 батирлүү көп кабаттуу үй куруу үчүн Жалал-Абад шаарынын Р.Азимов көчөсүнүн №153-кварталынан 2000 чарчы метр жер тилкесин бөлүп берүүгө уруксат берилсин.
2. Бөлүнүп берилген жер тилкесин максаттуу пайдалануусуна көзөмөл жүргүзүү Жалал-Абад шаарынын мэриясына милдеттендирилсин жана жогорудагы жер тилкеси максаттуу пайдаланбаган учурда, бул токтом өз күчүн жоготту деп табылсын.
3. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин төрагасына (Б.Джусупбеков) жер тилкесин бөлүп берүү үчүн КРнын мыйзамдарына жана ушул токтомдун негизинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарынан расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Э.Ормоков |