Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 13-июну № 2-3
Келишим түзүү жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагына караштуу маданият үйү мектептерге караштуу спорт аянтчаларды 2015-жылдын октябрь айында боло турган жогорку кеңештин депутаттарынын шайлоосуна карата баардык саясий партияларга бирдей шарт түзүп берүү максатында жогорку кеңешинин депутаттарына талапкер болуп катталган партиянын мүчөлөрүнө эл менен жолугушуу өткөрүү үчүн мектеп спорт аянтчаларына күнүнө 2000 (эки миң) сомго чейин келишимдин негизинде макулдук берүү жөнүндө Н.Исанов атындагы айыл Кеңеши төмөнкүдөй:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагына жолугушууга келген жогорку кеңешине талапкер болуп катталган партиянын мүчөлөрү эл менен жолугушуп жыйын өткөрүүгө келгенде айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептердин спорт аянтчаларына 1 күндүк мөөнөткө 2000 (эки миң) сомдон, ал эми маданият үйүнө 5 000 (беш миң) сомдон 10 000 (он миң) сомго чейин келишим түзүлүп макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмлдөп иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М.Маматовго жана башкы эсепчи М.Ботобаевтерге тапшырылсын.
Н. Исанов айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Нурмаматов |