Редакцияот 22.08.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Н.Исанов айылдык Кеңешинин 6 чакырылышынын II сессиясы

 

2015-жылдын 22-августу № 4-3

Улуттук фондун жеринин баасын көтөрүү жөнүндө

Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагыдагы жайгашкан айылдардагы улуттук фондун суулуу, кайрак чөп чабынды жерлерди тактап чыгып азыркы мезгилде ар тараптуу баалардын өсүп жатканыдыгна байланыштуу айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикасын көтөрүү максатында айыл тургундары менен 2017-жылга чейинки түзүлгөн келишим өз күчүн жоготуп, жаңыдан аукциондук негизинде жерлердин баасы жогорулатуу үчүн айыл кеңеши төмөнкүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагыдагы жайгашкан айылдардагы айыл тургундарын 2017-жылга чейинки ижарага алган суулуу, кайрак, чоп чабынды жерлерге түзүлгөн келишим өз күчү жоготулсун.

2. Ар таратуу балдардын өсүп жаткандыгына байланыштуу жерлер аукциондун негизинде баалар менен берилсин.

3. Ушул жер тилкелерин тактап аукционго иштетүү кагаздарды даярдап айыл кеңңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясы менен биргеликте иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн жер жана коммуналдык иштер боюнча башкы адис А.Эсеналиевге тапшырылсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышыынын көзөмөлдөп иш алып баруу жагын айыл кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Н. Исанов айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Ж. Нурмаматов