Редакцияот 22.08.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Н.Исанов айылдык Кеңешинин 6 чакырылышынын II сессиясы

 

2015-жылдын 22-августу № 4-4

Тоо кендери жөнүндө

 Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагына караштуу Жаңы Базар айылындагы сайдын шагыл алып жаткан ишкерлерге, Кичик-Алай айылынын Зак Кашка суу чоң-кичи Кумтөр жайлоосундагы көмүр кендердин казып жаткан жеке ишкерлердин иштетүү иш кагаздарын көрүп, аларга ким тарабынана макулдук берилип, келишим түзүлгөндүгүн, аныктоо максатында айыл кеңеши тарабынан түзүлгөн комиссияларды жөнөтүп тактап келүү жөнүндө

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин аймагына караштуу Жаңы Базар айылындагы сайдан шагыл алып иштеткен жеке ишкерлердин жана Кичик-Алай айылына караштуу Зак Кашка Суу, чон, кичи Кумтөр жайлоосунан көмүр казып жаткан жеке ишкерлердин иштөө учун макулдук берилген иш кагаздарын толугу менен такталсын

2. Айыл кеңешинин депутаттарын төмөнкүдөй комиссиясынын курамы түзүлсүн.

- Жапаров Таалай

- Жолдошов Нургазы

- КарамоторовЖумамидин

- Маматов Исмат

- Сыдыков Маматали

- Тургунбаев Төлөгөн

- Нурматов Идирис

- Мадуморов Жаныш

- Жолдошов Асил

- Айтикулов Асил

3. Айыл кеңешинин депутаттары тарабынана түзүлгөн комиссиянын курамынын жетекчиси болуп Жолдошов Нургазыны бир добуштан макулдук берип шайлашты.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагын комиссиянын жетекчиси депутат Жолдошов Нургазыга жүктөлсүн.

 

Н. Исанов айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Ж. Нурмаматов