Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-декабры № 5-1
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн жылдык бюджети бекитилген № ХХIX токтомуна өзгөртүп киргизүү жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын бюджетине кошумча түшкөн акча каражатын иштетүү жана Республикалык бюджеттен электр энергияга келгендиктен, электр энергияга бөлүнгөн акча каражатын башка көйгөйлүү маселелерге жылдыруусун Н.Исанов атындагы Айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясы карап токтом чыгарышкан ошол токтомдун негизинде Н.Исанов атындагы жалпы айылдык кеңешинин кароосунан кийин төмөнкүдөй токтом кылат.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтү бюджетинин 2015-жылдагы бекитилген пландан ашыкча аткарган акча каражаттарын №1 тиркемеде көрсөтүлгөн маселелерге бөлүнүп берилсин.
2. Айыл өкмөттүн 2015-жылдагы бюджетинде электр энергия бөлүнгөн 720,0 миң сомду Республикалык бюджеттен электр энергияга акча каражаты келгендигине байланыштуу №2 тиркемедеги муктаждыктарга жылдырып жумшоого макулдук берилсин.
3. Ушул токтомду карап жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндөгү токтомго өзгөртүү киргизилсин, алардын финансылык мамлекеттик каражаттары максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы тарабынан көзөмөлгө алынсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагын депутаттардын Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин «экономика бюджет соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Н. Исанов айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Нурмаматов |