Редакцияот 28.02.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кадамжай шаардык кеңешинин I-чакырылыш кезексиз V-сессиясы

 

2013-жылдын 28-февралы № 5/6

Кадамжай шаардык мэриянын аппаратынын структурасын жана штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө

Кадамжай шаардык мэриясынын каржы бюджетинин бөлүм башчысы М. Жумаматовдун билдирүүсүн угуп, мэриянын структурасы менен таанышып, Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын № 452 типтүү жобосунун негизинде, Кадамжай шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кадамжай шаардык мэриянын структурасы Кыргыз Республикасынын № 452 типтүү жобосуна ылайык Кадамжай шаардык мэриянын аппаратынын структурасы жана штаттык бирдиги бекитилсин. (тиркеме тиркелет).

2. Ушул токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри А. Пазыловко жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө регламент жана мыйзамдуулук комиссиясынын мүчөсү Исаков Толкунга жүктөлсүн.

 

Кадамжай шаардык

кеңешинин төрагасы

 

Т.М. Камбаров