Загрузка документа…
ХАЛМИОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Халмион айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясы
2015-жылдын 13-майы № 23/1
Халмион айыл аймагынын Халмион айылынын туштук тарабындагы айыл алдындагы жайыт категориясындагы жер аянтын которуу жөнүндө
Халмион айыл өкмөтүнө Көтөрмө айыл өкмөтүнүн тургуну жеке ишкер Эрмеков Мыйманали арыз менен кайрылып, оз арызында Халмион айылынын калктуу конуштарынын туштук тарабындагы Пульгон-Бургонду авто жолунун туштук тарабынан Халмион айыл өкмөтүнүн айыл алдындагы жайыт категорияындагы жер аянттарына кирген жерден 2,0 га жер аянтын аки таш жана цемент чыгаруучу завод куруу үчүн берүүнү суранган. Халмион айыл Өкмөтү алдындагы жер камиссиясынын жерди башка категорияга которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү сунушун карап талкуулап чыгып Халмион айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Халмион айыл аймагынын Халмион айылынын туштук тарабындагы айыл алдындагы жайыт категориясындагы 2,0 га жер аянтын башка категорияга которууга уруксат берилсин.
2. Суралсын Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынан ушул токтомду бекитип беруу жагы.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Халмион айыл өкмөтү алдында түзүлгөн комиссияга милдетендирилсин.
Халмион айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Д. Сиддиков |