Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVI сессиясы
2015-жылдын 10-июлу № 16/6
Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин аймагында жарандар тынчтык жана эркин митингдерди, демонстрацияларды өткөрүү үчүн Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кара-Кулжа, Биймырза, 1-Май жана Сары-Камыш айылындарында имарат жайды белгилеп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндөгу» кодексинин 30-беренесинин 9 «шайлоо комиссиялары аткаруу жана жергиликтуу оз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте талапкерлер менен боло турган жолугушуларды откорууго комок корсотот, аларга имарат жай беруу жөнүндөгу» пунктуна жана Кыргыз Республикасынын «Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу, митингдерди демонстрацияларды эркин откоруу укугу жөнүндөгу» Мыйзамынын 7-«Жергиликтуу оз алдынча башкаруу органдарды коомдук иш-чараларды откоруу учун белгилуу бир аймакты , же имаратты сунуш кылып оз чечимдерин чыгаруу жөнүндөгу» беренесине ылайык, Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин аймагындагы жарандар тынчтык жана эркин митингдерди жана демонстрацияларды откоруу учун Кара-Кулжа айыл өкмөтүнун Кара-Кулжа айылындагы Ж.Калматаев кочосундо жайгашкан Т.Абакиров атындагы стадион жана М.Алиев кочосундо жайгашкан “Р.Абдыкадыров” атындагы райондук маданыят уйу Биймырза айылындагы «Мурас» чайканасы, 1-Май айылындагы маданият клубу жана Сары-Камыш айылындагы чайканасы белгиленсин.
2. Иш чараларды мыйзамда белгиленген тартипте откоруу жагы коомдук уюмдардын , саясий партиялардын окулдоруно, ар кандай уюмдар, бирикмелер тарабынан ыйгарым укуктуу адамдарга милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнун башчысынын милдетин аткаруучу А.Жороевге жана депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Мойдуновага тапшырылсын.
Кара-Кулжа айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Абдыкадыров |