Редакцияот 02.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баткен шаардык Кеңешинин V чакырылышынын XIX сессиясы

 

2016-жылдын 2-февралы № 8

Баткен шаарынын Кызыл-Жол аймактык башкармалыгына жамааттык жана

типтүү балдар бакчасын ачууга макулдук берүү жөнүндө

 

Баткен шаарынын Кызыл-Жол аймактык башкармалыгынын А.Сатыбалдыев кочосундогу ММД балансасындагы ремонттолуп жаткан имараттка жамааттык жана типтуу балдар бакчасын ачуу максатында Баткен шаардык Кенешинин Vчакырылышынын кезектеги XIX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баткен шаарынын Кызыл-Жол аймактык башкармалыгынын А.Сатыбалдыев кочосундогу ММД балансасындагы ремонттолуп жаткан имаратын тундук жагына 100 орундуу жамааттык балдар бакчасы, туштук тарабындагы имаратка 100 орундуу типтуу балдар бакчасы ачылууга макулдук берилсин.

2. Балдар бакчасынын материлдык техникалык базасын чыңдоо жана керектүү болгон юридикалык иш кагаздарын камсыз кылуу жагы шаар мэриясына тапшырылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин төрагасынын орун басары М.Орозбаевге тапшырылсын.

 

Баткен шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

Э.Рахматов