Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кум-Дөбө айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXI сессиясы
2016-жылдын 10-февралы № 4
Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2014-жылга жергиликтүү бюджеттин аткарылышын, 2016-жылга бюджеттин долбоорун бекитүү жана 2017-2018-жылдарга болжолдуу бюджеттин долбоорун бекитүү жөнүндө
Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2014-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышын жана 2016-жылга бюджеттин долбоорун бекитүү жана 2017-2018- жылдарга болжолдуу бюджеттин долбоорун бекитүү боюнча ФЭБ башчысы-башкы эсепчиси Б.Тажиевдин отчётун, айылдык кенештин экономика, бюджет, салык боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кенеши, токтом кылат:
1. Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2014-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча кирешелер 11357.8 мин сомго, чыгашалар 11116.1мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2016-жылга Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер бөлүгү 9607,8 мин сом, мунун ичинен жергиликтүү салыктан түшүүчү кирешелер 4054,8 мин сом, теңдештирүү грант 5553,1 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
2016-жылга жергиликтүү бюджеттин кирешелери теңдештирүүчү гранттардан жана жергиликтүү бюджеттен түшө турган кирешелеринин эсебинен төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:
- патент салыгы- 165.0 мин сом.
- бирдиктүү салык- 1.0 мин сом.
- сатуудан түшкөн салык- 356.0 мин сом
- айыл чарба жеринен салык- 533.8 мин сом.
- огород салык- 339.7 мин сом.
- айыл чарба эмес багыттагы салык- 200.0 мин сом.
- транспорт салык- 300.0 мин сом.
- кыймылсыз мулкко салык- 6.0 мин сом.
- тазалык жыйым- 50.0 мин сом.
-атайын каражат 645.0 миң сом
- административдик штраф- 7.0 миң сом
- ФПС аренда акысы- 114.2 мин сом.
- подох.налог- 1237.0 мин сом.
Баары - 4054,7 миң сом
- теңдештирүүчү грант- 5553,1 мин сом.
Жалпысы- 9607,8 мин сом.
Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016-жылга чыгымдар бөлүгү:
- башкаруу аппаратына- 4913,6 мин сом.
- агартуу тармагына- 3434,9 мин сом
- маданият тармагына- 1259,3 мин сом.
Баары- 9607,8 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2017-жылга болжолдуу бюджетинин долбоору киреше жана чыгымдар бөлүгү 9938,3 миң сом суммасында.
4. 2016-жылдын киреше бөлүгүнүн бардык түрүнүн толук аткарылышын камсыз кылуу жагы салык инспекторлор К.Курманалиева, К.Абдраимова, Ж.Дуйшөкулова, А.Касмалиеваларга милдеттендирилсин.
5. Бул боюнча үзгүлтүксүз жетекчилик кылуу жагы Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы С.Убалиевге жана ФЭБ башчысы-башкы эсепчиси Б.Тажиевге милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Кум-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Д. Кадыров |