Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кум-Дөбө айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXI сессиясы
2016-жылдын 10-февралы № 21/2
01.01.2016-жылга карата бюджеттик жана атайын эсептеги бош калган каражатты айылдын соц. объектилерин инфраструктураларын оңдоого жумшоо жөнүндө
Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн бюджетин аткарууда 01.01.2016-жылга карата бюджеттик жана атайын эсептеги бош калган каражатты өздөштүрүү максатында, буйрук кылам:
1. Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетин аткарууда 01.01.2016-жылга карата атайын эсептеги 22250 сом 83 т (жыйырма эки миң эки жүз элүү сом 83 т) жана бюджеттик эсептеги 2689900 сом 65 т (эки миллион жети жүз он эки миң бир жүз элүү бир сом 65т) баардыгы 2712151 сом 48 (эки миллион жети жүз он эки миң бир жүз элүү бир сом 48 т) бош калган каражатты төмөндөгүдөй чыгымдоо статьяларына бөлүштүрүлсүн.
1.1.Бюджеттик эсептеги:
№ | Раздел | Чыгымдоо статьясы 22154900 | Баары |
| Аппарат (70111) | 589900 сом | 589900 сом |
| Ак-Жар айылы | 480000 сом | 480000 сом |
| Шамшы айылы | 490000 сом | 490000 сом |
| Кум-Дөбө, Төрт-Күл а. | 565000 сом | 565000 сом |
| Бугучу, Бирлик а. | 565000 сом 65 т. | 565000 сом 65 т. |
| Жалпы | 2689900 сом 65 т. | 2689900 сом 65 т. |
1.2.Атайын эсептеги:
№ | Раздел | Чыгымдоо статьясы 22154900 | Баары |
| 70911 бала бакча | 22250 сом 83 т | 22250 сом 83 т |
| Жалпы | 22250 сом 83 т | 22250 сом 83 т |
2. Бош калган каражатты жогорудагыдай бөлүнүштө каржылап берүү жагы Кочкор райондук Финансы бөлүмүнөн, Кочкор райондук Казына бөлүмүнөн суралсын.
3. Айыл башчылар М.Дүйшөналиев, Э.Мааткалымов, К.Турусбеков жана Н.Акматовдордун карамагындагы айылдардын инфраструктурасын жакшыртуу жана өркүндөтүү максатында, керектелүүчү чыгымдардын сметаларын түзүп, айылдык кеңештин төрайымына макулдашууга, айыл өкмөттүн бекитүүсүнө берилсин.
4. Бул каражаттын максаттуу чыгымдалышын Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы С.Убалиевге жана ФЭБ башчысы Б.Тажиевге милдеттендирилсин.
5. Көзөмөл кылуу жагы Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Кум-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Д. Кадыров |