Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кум-Дөбө айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXI сессиясы
2016-жылдын 10-февралы № 21/3
Кочкор райондук мамлекеттик салык кызматынын 20.01.2016-жылдагы № 78-катын кароо жөнүндө
(ФЭБ башчысы Б.Тажиевдин маалыматы.) “Жергиликтүү административдик аймагына” жер салыгын жана мүлк салыгынын 1,2,3-топторуна Кыргыз Республикасынын 17-октябрь 2008-жылдагы № 231 мыйзамын аткаруу менен Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында КЗ зоналык коэффициентин бекитүү жөнүндө,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 1-январынан Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн “Жергиликтүү административдик аймагына” төмөндөгү салыктардын түрлөрү киргизилсин.
- Айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгын калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгын, короо жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгын.
- Мүлк салыгынын 1,2,3,4 топтогу объектилерин;
- КЗ зоналык коэффициенти 1 өлчөмүндө бекитилсин:
2. Салыктарды эсептөөнүн жана төлөнүүнүн тартиптери көрсөтүлгөн салыктарга бекитилсин.
- Жер салыктарына жана мүлк салыктарынын 1,2,3 топтогу объектилерине Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарына ылайык КЗ зоналык коэффициентти эсепке алуу менен жүргүзүлсүн.
3. Бул токтом Мамлекеттик нормативдик укуктук актыга киргизүүгө жана каттоого алууга Нарын облустук адилет башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. 2015-жылдын 1-январынан тартып токтом күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышына жана көзөмөлгө алууга Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Кум-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Д. Кадыров |