Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кум-Дөбө айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXI сессиясы
2016-жылдын 10-февралы № 21/4
Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн соц. адиси Ж.Рахманованын иштеген иши жөнүндө
Депутаттардын V-чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттары, соц. адис Ж.Рахманованын 2015-жылда аткарып келген иштери жөнүндө маалыматты угуп жана талкуулап, Кум-Дөбө айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн соц. адиси Ж.Рахманованын 2015-жылда аткарып келген иштеринде кетирилген кемчиликтерден, сын-сунуштардан жыйынтык чыгаруу жагы эске алынсын.
2. Айыл өкмөтү боюнча жөлөк пул алуучулардын тизмесин маалымат доскасына илинип, айыл-айылдар боюнча кабыл алуу графигинин негизинде комиссия менен бирдикте кабыл алынсын.
3. Жогорудагы арыздарды кабыл алууда, аларга түз мамиле менен кабыл алып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы соц. адис Ж.Рахмановага тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы С.Убалиевге тапшырылсын.
Кум-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Д. Кадыров |