Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кум-Дөбө айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXI сессиясы
2016-жылдын 10-февралы № 21/5
Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер адиси Н.Осмоновдун маалыматы жөнүндө
Депутаттардын V-чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттары, жер адис Н.Осмоновдун Кум-Дөбө айылына караштуу Кара-Бактын эскилиги жеткендигине байланыштуу кыркуу-сатуу жана аукционго коюлуп жаткан жерлер үчүн алынган кепилдик төлөм жөнүндө маалыматты угуп жана талкуулап, Кум-Дөбө айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айылына караштуу кара бакты кыркуу-сатуу жана айыл өкмөтүнө кириштөө боюнча комиссия түзүлсүн. Архитектура менен бирдикте ген план түзүлүп бөлүнгөн участоктор мурунку чечим менен алган ээлерине калтырылсын.
2. Кум-Дөбө айыл аймагындагы Шамшы, Кум-Дөбө, Бугучу айылдарында 2016-жылы аукцион жана түз берүү жолу менен арендага бериле турган ФПСтин жерлери үчүн алынган кепилдик төлөмдөр эч кандай кайтарымсыз болуп, канцелярдык товарларга жана башка чыгымдарга жумшалсын.
3. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Шамшы айылындагы өткөн кошмо жыйынынын 28-январь 2016-жылдагы № 1 протоколунун негизинде чыккан комиссиянын токтомдору бекитилсин.
4. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн кошмо жыйынынын 29-январь 2016-жылдагы № 2 протоколунун негизинде чыккан комиссиянын токтомдору бекитилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы С.Убалиевге тапшырылсын.
Кум-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Д. Кадыров |