Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кум-Дөбө айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXI сессиясы
2016-жылдын 10-февралы № 21/8
Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу ЖПБнин төрагасы Б.Абдиловдун 2015-жылдагы аткарган иштери жөнүндө
Депутаттардын V-чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттары, Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу ЖПБнин төрагасы Б.Абдиловдун 2015 жылда аткарган иштери боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Кум-Дөбө айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу ЖПБнин төрагасы 2015-жылда аткарып келген иштеринде кетирилген кемчиликтерден, сын-сунуштардан жыйынтык чыгаруусу эске алынсын.
2. ЖПБнен алынуучу жайыт салыгы кечеңдеп жаткандыгы, өз убагында малчылар менен түзүлгөн келишимдер такталбай, малдар так саналбай келгендиги, берген отчёту “Канааттандыраарлык эмес” деп табылып, отчёту кийинки сессияга калтырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысы С.Убалиевге тапшырылсын.
Кум-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Д. Кадыров |