Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кум-Дөбө айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXI сессиясы
2016-жылдын 10-февралы № 21/10
Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин иш планын бекитүү жөнүндө
Депутаттардын V-чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттары, айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ө.Ишенгуловдун 2016-жылга түзүлгөн иш планын угуп жана талкуулап, Кум-Дөбө айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2016-жылга түзүлгөн иш планы бекитилсин.
2. Айылдык кеңешинин 2016-жылга түзүлгөн иш планы айга жана кварталга бөлүнүп тиешелүү кызматкерлерге берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алып, айылдык кеңешинин кезектеги сессияларынын күн тартибине киргизүү айылдык кеңештин жооптуу катчысы Ө.Ишенгуловго тапшырылсын.
Кум-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Д. Кадыров |