Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы
2016-жылдын 12-февралы № 1/1
Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүндө 2015-жылдан калган калдык акчаларды бөлүштүрүү жөнүндө
Төрайым Г.Аттокурова билдирүү жасады. Ак-Моюн айылдык Кеңешинин 1-кезектүү сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүндө 2015-жылдан калган 764805(жети жүз алтымыш төрт миӊ сегиз жүз беш) сом калдык акчалар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн:
№ | Бөлүнгөн акчалардын багыттары: | Суммасы (сом): |
1. | Ак-Моюн айыл өкмөтүнө, 2015-жылдагы электр энергиянын карызына | 482172 |
2. | Ак-Моюн айыл аймагындагы курулуп жаткан объектилерге көз карандысыз эксперт жалдоого | 63500 |
3. | Ак-Моюн айылдык Кеӊешинин төрайымына компенсацияга | 7900 |
4. | Социалдык фондго чегерүүлөр | 1400 |
5. | А.Койчуманов орто мектебине БУУнун азык түлүк программасы боюнча бекер тамак-аш азыктарын алып келүүгө транспорт чыгымына | 7500 |
6. | Ак-Моюн айылындагы мечиттин документациясын бүткөрүүгө | 30000 |
7. | Ак-Моюн айыл аймагындагы ит-мышыктарды атууга | 10000 |
8. | Афган согушунун катышуучуларына өткөрүлө турган иш чараларга | 5000 |
9. | Баткен коогалаӊынын катышуучуларына өткөрүлө турган иш чараларга | 5000 |
10. | «Бирлик-Таазими» бала бакчасынын тамак-ашына | 15000 |
11. | «Тамчы-Булак» балдар бакчасынын тамак-ашына | 25000 |
12. | «Бирлик-Таазими» балдар бакчасынын аренда акысына | 56000 |
13. | Ак-Моюн айылынын тургуну жардамга муктаж, Гульфуяз Намазбаевага тамак-аш азыктарынан жардам берүүгө | 10000 |
14. | Ак-Моюн айыл аймагындагы таштанды таштоочу жайлардын схемасын чийдирүүгө жана айланасын ирээтке келтирүүгө | 15000 |
15. | Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн иш кагаздарын жүргүзүүгө концелярдык товар алууга | 13672 |
16. | Ак-Моюн айылындагы жаштар уюмун юстициядан каттоодон өткөрүүгө | 5000 |
17. | Ат-Башы районундагы Кыргызтелекомдун филиалына | 4461 |
18. | Жеке ишкер Б.Асанкуловго 2016-жылга карата www.Ak-moyun.org.kg сайтына (домен, хостингге) | 8200 |
19. | БАРДЫК СУММА: | 764805 |
2.Бул токтомду аткаруу жагы, Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Көбөновага тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
Ак-Моюн айылдык Кеӊешинин төрайымы | Г. Аттокурова |