Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы
2016-жылдын 12-февралы № 1/2
Ак-Моюн айыл аймагындагы «Тамчы-Булак» жана «Бирлик-Таазими» балдар бакчасына ата-энелерден чогулган акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Төрайым Г.Аттокурова билдирүү жасады. Ак-Моюн айылдык Кеңешинин 1-кезектүү сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Моюн айыл аймагындагы «Тамчы-Булак» жана «Бирлик-Таазими» балдар бакчасына ата-энелерден чогулган акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн:
— «Тамчы-Булак» балдар бакчасына 20000(жыйырма миӊ) сом которулсун.
— «Бирлик-Таазими» балдар бакчасына 17800(он жети миӊ сегиз жүз) сом которулсун.
2. Бул токтомду аткаруу жагы, Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Көбөновага тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
Ак-Моюн айылдык Кеӊешинин төрайымы | Г. Аттокурова |