Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы
2016-жылдын 12-февралы № 1/4
Ак-Моюн айылынын тургуну жардамга муктаж Гульфуяз Намазбаевага жардам берүү жөнүндө
Төрайым Г.Аттокурова билдирүү жасады. Ак-Моюн айылдык Кеңешинин 1-кезектүү сессиясы жогорудагы маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Моюн айыл аймагындагы, Ак-Моюн айылынын тургуну Гульфуяз Намазбаевага жардам берүүгө бөлүнгөн 10000(он миӊ) сом акча каражатына тамак-аш азыктарын алып берүү, көзөмөлдүк кылуу боюнча төмөндөгүдөй комиссия курамы түзүлсүн:
1. Ж.Мамбетисаева – Депутат, комиссиянын төрайымы,
2. Н.Аскербеков – Соц.кызматкер, комиссиянын катчысы,
Комиссиянын мүчөлөрү:
3.А.Тежибаев – Айыл тургуну,
4.Г.Көбөнова – Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы,
5.Т.Мурзалиев – Ак-Моюн айылынын жаштар уюму.
2.Бул токтомду аткаруу жагы Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык-маданий өнүктүрүү адиси Н.Аскербековго тапшырылсын.
Ак-Моюн айылдык Кеӊешинин төрайымы | Г. Аттокурова |