Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы
2016-жылдын 12-февралы № 1/5
Ак-Моюн, Бирлик айылдарынын тургундары Т.Жамгырчиев, Асангазы уулу Азатбек жана Т.Кайыповадан келген арыз боюнча Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы түзүлгөн жер комиссиясынын 12.03.2015-жылдагы №6/1 протоколунун токтомунун негизинде айыл чарба категориясынан курулуш алдындагы жерлердин түрүнө которулган жерлерди кароо жөнүндө
Төрайым Г.Аттокурова билдирүү жасады. Ак-Моюн айылдык Кеңешинин 1-кезектүү сессиясы жогорудагы маселени угуп жанаталкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Моюн айылынын тургуну Асангазы уулу Азатбекке Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы түзүлгөн жер комиссиясынын 12.03.2015-жылдагы №6/1 протоколунун токтомунун негизинде айыл чарба категориясынан курулуш алдындагы жерлердин түрүнө которулган Ак-Моюн айыл өкмөтүнө караштуу «Чар» участкасынын №1- контурунун ичинен 0,15га жер аянтына мал чарбасын өстүрүү максатында чабан үй, сарай салуу үчүн жеке менчигине берилсин.
2. Ак-Моюн айылынын тургуну Жамгырчиев Турсунбекке Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы түзүлгөн жер комиссиясынын 12.03.2015-жылдагы №6/1 протоколунун токтомунун негизинде айыл чарба категориясынан курулуш алдындагы жерлердин түрүнө которулган Ак-Моюн айыл өкмөтүнө караштуу «Чар» участкасынын №59- контурунун ичинен 0,25га жер аянтына мал чарбасын өстүрүү максатында чабан үй, сарай салуу үчүн жеке менчигине берилсин.
3. Бирлик айылынын тургуну Кайыпова Турсунбүбүгө Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы түзүлгөн жер комиссиясынын 12.03.2015-жылдагы №6/1 протоколунун токтомунун негизинде айыл чарба категориясынан курулуш алдындагы жерлердин түрүнө которулган Ак-Моюн айыл өкмөтүнө караштуу «Гүлдөй-Бер» участкасынын №154- контурунун ичинен 0,60га жер аянтына мал чарбасын өстүрүү максатында чабан үй, сарай салуу үчүн жеке менчигине берилсин.
4. Тиешелүү документтери менен камсыздоо жагы, Ат-Башы райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынан суралсын.
Ак-Моюн айылдык Кеӊешинин төрайымы | Г. Аттокурова |