Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы
2016-жылдын 12-февралы № 1/6
Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн 2016-жылдын 3-февралындагы чыгыш №6/433 сандуу каты жөнүндө
Төрайым Г.Аттокурова билдирүү жасады. Ак-Моюн айылдык Кеңешинин 1-кезектүү сессиясы жогорудагы маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Моюн айыл аймагындагы аймакты тейлеген милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлүнө иштөөсүнө шарт түзүүгө жана социалдык, материалдык жактан колдоо көрсөтүү боюнча суу баскан айдоо аянттан жер берүү жөнүндөгү кат боюнча, бүгүнкү күндө жерлердин бардыгы арендада болгондуктан жер берүүгө мүмкүн эмес. Ошондуктан алдыда арендага берилген жерлерден мөөнөтү бүткөн жер аянттары болуп калса аткарууга алынаары белгиленет.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси Т.Кадыркуловго тапшырылсын.
Ак-Моюн айылдык Кеӊешинин төрайымы | Г. Аттокурова |