Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык Кеңешинин XVI чакырылышынын VII кезексиз сессиясы
2015-жылдын 5-сентябры № 1
Кара-Суу айыл аймагында ПРООНдун «Нарын облусунун комплекстүү өнүктүрүү» долбооруна жазылган долбоорлорду жактыруу жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын жергиликтүү Кеңешинин 16-чакырылышынын төрайымы Жаркын Акматалиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жергиликтүү Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айылындагы жергиликтүү демилгелерди чакан гранттар фонду аркылуу колдоо боюнча ПРООН дун «Нарын облусунун комплекстүү өнүктүрүү» долбооруна Кара-Суу айылынын жалпы 2 797,2 ( эки миллион жети жүз токсон жети миң эки жүз) сомго жазылган долбоорлор жактырылсын. Атайын каражатка каралган сметасы бекитилсин.
2. Кара-Суу айылындагы жергиликтүү демилгелерди чакан гранттар фонду аркылуу колдоо боюнча ПРООНдун «Нарын облусунун комплекстүү өнүктүрүү» долбоорунан 2014-жылы жаңылыштык менен түшпөй калган 99 872 ( токсон тогуз миң сегиз жүз жетимиш эки) миң сом акча каражаты 2015-жылы түшкөндүгү үчүн атайын каражатка каралган сметасы бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүндө түзүлгөн Координациялык Кеңешке милдеттендирилсин.
Кара-Суу айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Ж. Акматалиева |