Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык Кеңешинин XVI чакырылышынын VII кезексиз сессиясы
2015-жылдын 5-сентябры № 2
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнө мамлекет тарабынан берилген 4 млн сом акча каражатын бекитүү жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын жергиликтүү Кеңешинин 16-чакырылышынын төрайымы Жаркын Акматалиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жергиликтүү Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыгыз Республикасынын Каржы министрлигинин борбордук казынасы аркылуу 31.07.2015-жылдагы № 28801 бюджеттик реестринин негизинде өз ара эсептешүү жолу менен келип түшкөн 4 млн сом акча каражатынын сметасы бекитилсин.
2. Жогорудагы каражатты сметага ылайык киреше-чыгашасын чыгымдоосун аткаруу жагы ФЭБ башчысы М.Дөөлөтбаевага тапшырылсын.
Кара-Суу айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Ж. Акматалиева |