Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык Кеңешинин XVI чакырылышынын III кезектүү сессиясы
2015-жылдын 20-октябры № 2
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүндө Дыйкан айылынын тургуну Токтоназарова Бегимжандын жазган арызын канаттандыруу жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Дыйкан айылынын жашоочусу Токтоназарова Бегимжандын жазган Ак-Сай өрөөнүндөгү Төө-Моюн участкасына турак-жай куруу жөнүндөгү арызын канааттандыруу максатында Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын Дыйкан айылынын тургуну Токтоназарова Бегимжандын жазган арызы канааттандырылсын.
2. Ак-Сай өрөөнүндөгү Төө-Моюн участкасы инвентаризация убагында картага түшүрүлбөй калгандыктан жайыт категориясынан турак-жай куруу категориясына которууга макулдук берилсин.
3. Ак-Сай өрөөнүндөгү Төө-Моюн участкасынан эски землянканын ордунан 0,10 га жер аянты мал чарбасын өнүктүрүү максатында турак-жай курууга берилсин
4. Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын трансформациялоо, жерди бир түрүнөн башка түрүнө которуу боюнча комиссиясына сунуш берүү жагы турак-жай адиси М.Абдрахмановго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы К.Уметовго тапшырылсын.
Кара-Суу айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Ж. Акматалиева |