КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык Кеңешинин XVI чакырылышынын III кезектүү сессиясы
2015-жылдын 20-октябры № 1
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү Кара-Суу айылынын Уй-Сарай участкасындагы жашоочулардын арызын канааттандыруу жөнүндө
Кара-Суу айылдык Кеңешинин төрайымы Жаркын Акматалиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жергиликтүү Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Суу айылынын Уй-Сарай участкасындагы жашоочуларынын 2015-жылдын 20-октябрындагы жазган арызы канаттандырылсын.
2. Прибатташтыруу убагында Уй-Сарайда жашап турган адамдарга өздөрү жашап турган турак-жайлары менчикке берилген. Бирок убагында кандайдыр бир себептер менен укук тастыктоочу документтерге ээ болбой калгандыктан ошол турак-жайлары бүгүнкү күндө менчигине бекитилип берилсин.
3. Бул токтомду аткаруу жана тиешелүү документтери менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жер жана турак-жай боюнча башкы адиси М.Абдрахмановго тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Уметовго жүктөлсүн.
Кара-Суу айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Ж. Акматалиева |