Редакцияот 20.10.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айылдык Кеңешинин XVI чакырылышынын III кезектүү сессиясы

 

2015-жылдын 20-октябры № 4

Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүндө айылдын тургуну Жакеев Мукеге Кара-Суу айылынын «Ардактуу Атуулу» наамын берүү жөнүндө

Кара-Суу айылдык Кеңешинин төрайымы Жаркын Акматалиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жергиликтүү Кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Суу айылынын тургуну Жакеев Мукеге айылдын экономикасынын өсүшүнө зор салым кошкондугу, көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Кара-Суу айылынын «Ардактуу Атуулу» наамы берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Кара-Суу айылдык

Кеӊешинин төрайымы

 

Ж. Акматалиева