Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXIX сессиясы
2015-жылдын 17-декабры № 01-05/188
Акматова Анипакандын арызы жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXIX сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын тургуну А.Акматованын Кочкор-Ата шаарынын Токтогул көчөсүндө жайгашкан “Чынара” кафеси болгон 0,21 га жердин 5,5 сотых бөлүгү учурда турак-жай катары пайдаланылып жаткандыктан , ошол 5,5 сотых жердин профилин өзгөртүп жашай турган жайга уруксат берүү жөнүндөгү арызын угуп жана талкуулап , Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы №252 токтому менен бекитилген Жобого жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген типтүү Жобого негиз
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Акматованын Кочкор-Ата шаарынын Токтогул көчөсүндө жайгашкан “Чынара” кафеси болгон 0,21 га жердин турак-жай катары пайдаланылып жаткан 5,5 сотых бөлүгүнүн профилин өзгөртүп жашай турган жайга уруксат сураган арызы канааттандырылсын.
2. Профилин өзгөртүүгө бардык иш- кагаздарды даярдап берүү жагы райондук архитектура жана шаар куруу Башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин .
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Артыков |