Редакцияот 11.01.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Дөбөлү айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын 27 сессиясы

 

2016-жылдын 11-январы № 27/1

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңештин 2016-жылга карата иш план бекитүү жөнүндө

 Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы К. Исаков 2016-жылда аткара турган иш аракеттер планын талкуулап, айылдык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2016-жылдагы иш план бекитилсин. (Тиркеме тиркелет )

2. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.

 

Дөбөлү айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

К. Исаков

 

 

Дөбөлү  айыл аймагынын   айылдык КеңешининХХVI-Чакырылышынын кезексиз 27- сессиясынын 2016-жылдыгы №27/1 Токтомуна  тиркеме 

 

Дөбөлү  айыл  аймагынын  айылдык  кеңешинин

2016-жылдын   иш  планы

 

№

Айылдык  Кеңеш  сессиясында каралуучу маселелер

Каралуучу  убагы

даярдоого  жооптуулар

I-квартал

1

Дөбөлү айыл аймагынын  айылдык  кеңешинин  2015-жылдагы  бюджеттин  аткарылышы  жана  2016-жылга  бюджеттин  аткарылышы  жонүндө

январь

Айыл өкмөттүн башкы  эсепчиси 

Э. Турганбаева

2

Дөбөлү  айыл  аймагында  жашаган, элге  кызмат  кылган, калктын  менчик  малдарын  баккан  малчыларга, механизаторлорго  төлөнүүчү  эмгек  акыларын  бекитүү, тазалыкты  сактоо  жана  корукту  тартипке  келтирүү жонүндө

март

Айылдык  кеңештин  депутаттары

Дөбөлү  айыл  аймагынын  айыл  өкмөтү

3

Айыл  кеңешинин  аймагындагы  айыл  кыштактарды  көрктөндүрүү  жана  жашылдандыруу  боюнча  чараларды  көрүү

апрель

Айылдык  кеңештин  депутаттары

Дөбөлү  айыл  аймагынын  айыл  өкмөтү

II-квартал

4

Ө. Токтосунов, Алыш, К. Абиров  орто  мектептеринин  окуу  тарбия  иштеринин  абалы  жөнүндө

май

Н. Кыдыралиева

С. Турусбекова

К. Исаков

5

Атуулдардан,  Жана  мекеме  иш  каналардан  түшкөн кайрылууларды  кароо  жөнүндө

Июнь

Айылдык  кеңештин  депутаттары

Дөбөлү  айыл  аймагынын  айыл  өкмөтү

III -квартал

8

Кылмыштуулукка каршы   күрөшүүнү, күчөтүүдө,  кылмыштуулуктун  алдын  алууда  жана  жаш  өспүрүмдөр  менен  иштөөдө  милициянын  участкалык  инспекторунун  жүргүзүп  жаткан  иш  аракеттери  жөнүндө

Сентябрь

Айылдык  кеңештин  депутаттары

Дөбөлү  айыл  аймагынын  айыл  өкмөтү

IV  - квартал

9

2016-жылдын  күз-кыш  мезгилдерине  карата  мекеме  иш  каналардын  даярдыктарын 

жана  иш  аракеттерин  угуу.   Калк  арасында  күз-кыш  мезгилдерине  канча  денгээлде  даярдык  көрүлгөндүгү  жөнүндө

Октябрь-ноябрь

Айылдык  кеңештин  депутаттары

Дөбөлү  айыл  аймагынын  айыл  өкмөтү

 

Дөбөлү  айыл  Өкмөтүнүн  2016-жылда  иштеген  иши  жөнүндө  отчету

декабрь

Дөбөлү  айыл  аймагынын  айыл  өкмөтү