Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөбөлү айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын 27 сессиясы
2016-жылдын 11-январы № 27/2
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын бюджетинин жыл башында калган акча каражатынын эсебинен смета бекитүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүндө 2016-жылдын башына калган акча каражатынын эсебинен смета бекитүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөбөлү айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын башына калган акча каражатынын сметасы киреше жана чыгаша бөлүгү 212800 сом болуп бекитилсин. Аталган сумма төмөндөгү статьяларга жумшалсын.
- Статья 22141100-ГСМ сатып алууга -20000 сом;
- Статья 22141200- Автомашинага запастык бөлүктөрдү сатып алууга- 10000 сом;
- Статья 22122900- Интернет кызматын төлөөгө- 2000 сом;
- Статья 22221100 - маалымат үчүн печатка – 1050 сом;
Нотариалдык кыймылды жүргүзүү үчүн штампка - 4050 сом.
- Баннер чыгарууга – 5000 сом;
- Статья – 22154900 - Кенеш айылындагы К. Абиров орто мектебин техникалык экспертизадан өткөрүүгө- -6700 сом;
Ө. Токтосунов орто мектебинин техникалык экспертизадан өткөрүүгө- 6700 сом;
- Статья – 22154300 - АSKIT программасын кошууга – 2500 сом.
Бардыгы 26000 сом
- Статья 31112390- Дөбөлү клубунун имаратынын капиталдык ремонту – 104800 сом.
- Статья 22221200 - майда чарбалык жана кенсе товарларын алууга 50000 сом.
2. Тиешелүү документерди даярдап жана токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенештин туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Э. Турганбаевага жүктөлсүн.
Дөбөлү айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Исаков |