Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөбөлү айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын 27 сессиясы
2016-жылдын 11-январы № 27/5
«Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин» ижарага берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин 2007-жылдын 29-июнундагы № 1997 жылы бекиген токтомундагы «Айыл чарба жерлерин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү тартиби жана шарттары жөнүндөгү» типтүү жобонун жана Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тиешелүү «Айыл чарба жерлерин мамлекеттик фондунун жерлерин» ижарага берилген, келишими бүткөн жерлерди кайра берүү максатында айылдык кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылга Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тиешелүү «Айыл чарба жерлерин мамлекеттик фондунун жерлеринин» жалпы 176,0 га жер аянтынан 120,0 га жер аянты «Аукцион», «Конкурс» жана «Түз берүү» аркылуу ижарага берилип, 56,0 га жер аянты сугат суусу жетпегендиктен, таштак жана 2-3 жылдан бери суроо талап болбогондуктан ижарага берүү жагы токтотулсун.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер адиси Б. Токталиевге тапшырылсын.
Дөбөлү айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Исаков |