Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXII сессиясы
2016-жылдын 22-февралы № 22/111
Кош-Дөбө айыл аймактык жергиликтүү бюджетин 2014-жылга карата аткарылышын бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңешинин экономика, финансы, бюджет, салык жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Деркенбаев Майрамбек жана Кош-Дөбө айыл аймагынын бөлүм башчысы Капаров Сабатардын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кош-Дөбө айыл аймагынын Жергиликтүү бюджетинин 2014-жылга карата отчету боюнча киреше бөлүгү 5200,4 миң сом, чыгаша бөлүгү 5222,1 миң сомго бекитилсин.
2. Кош-Дөбө айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин баардык чыгымдар бекитилген сметанын негизинде жумшалганы белгиленсин.
Кош-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Байташов |