Редакцияот 14.03.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XI сессиясы

 

2014-жылдын 14-марты № 84

Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2013-жылга аткарылышы жөнүндө

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин жалпы суммасынын (республикадан алынуучу каражаттарды кошуп эсептегенде) 2013 жылга аткарылышы 26 млн 040,0 миӊ сомго бекитилсин.

2. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин 2013 жылга аткарылышы 3249,7 миӊ сомго бекитилсин.

3. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн атайын каражат счетунун аткарылышын (Спец фонддон) каражатты кошкондо 1934,1 миӊ сомго бекитилсин.

4. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысынын иши канаттандырарлык деп табылсын .

5. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык Кеӊештин финансы жана экономика комиссиясына тапшырылсын.

6. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kq сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Ж. Ысырайылов